Жээнбеков Кытайда кимдер менен жолугуп, кандай маселерди талкуулайт

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Кытайдын бийлик өкүлдөрүнөн сырткары чет өлкөнүн президенттери менен да жолугат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон мамлекеттик иш сапардын алкагында бир нече жолугушууларды өткөрүп, ШКУ саммитине катышат.

Мамлекет башчы Кытай эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин, Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

"Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен декларация бар", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң Жээнбеков 9-10-июнда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (Кытай) учуп кетет.

Заседание Совета глав правительств государств-членов ШОС в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллардан ашык акча берет. Ал кайда жумшалат
"Ал жыйында ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген", — деп жазылат билдирүүдө.

Саммитте кытай тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгынын мөөнөтү (2017-2018) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Мындан сырткары, Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0