Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча билдирүү жасайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын экс-президенти, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-июнда кечинде мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматов камакка алынган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялаштары — мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы боюнча пикирин билдирет. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады
Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы билдирүүнү маалымат жыйында эмес, кат түрүндө жасайт.

Белгилей кетсек, 5-июнда кечинде Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сапар Исаков ТЭЦтин айланасындагы ызы-чуунун эпкини менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынса, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытайдын ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып, 28-июнга чейин камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0