ТЭЦ чуусу боюнча камакка алынган аткаминерлердин саны онго жетти. Тизме

© AP Photo / Moises CastilloКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы кыштын эң суук күндөрүндө Бишкек ТЭЦинде болгон аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде бир нече жетекчи камакка алынган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 5-июнь күнү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, 6-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды.

Эске салсак, 26-январь күнү Бишкек ТЭЦинде авария болуп, анын кесепетинен калаа тургундары беш күн жылуулуксуз калган.

Мындан улам Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бир нече берене менен кылмыш ишин козгоп, анын негизинде ошол кездеги жетекчилердин айрымдары убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеп чыкты.

© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"Первый заместитель генерального директора ОАО "Электрические станции" Бердибек Боркоев
Первый заместитель генерального директора ОАО Электрические станции Бердибек Боркоев - Sputnik Кыргызстан
Первый заместитель генерального директора ОАО "Электрические станции" Бердибек Боркоев

Бердибек Боркоев

УКМКнын маалыматына караганда, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери буу казандарды оңдоо үчүн сынактын талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүнө карабастан, уюмдар менен келишимдерди түзүп, алардын эсебине акча каражатын которуп турган. Ал эми иш жүзүндө ремонт иштери ТЭЦтин өзүнүн күчү менен ишке ашкан. Мындан улам акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев бир катар аткаминерлер менен ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп күнөөлөнүп, март айында кармалган.

Алмазбек Жусупбеков

"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков Боркоев шектелген иштин алкагында колго түшүрүлгөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор ОАО "Электрические станции" Кыдырбаев Узак Асанкарыевич
Генеральный директор ОАО Электрические станции Кыдырбаев Узак Асанкарыевич - Sputnik Кыргызстан
Генеральный директор ОАО "Электрические станции" Кыдырбаев Узак Асанкарыевич

Узак Кыдырбаев

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.

Темирлан Бримкулов

Ошол эле 221-берене менен айыпталган Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 4-апрель күнү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

© Пресс-служба президента КРМэр Джалал-Абада Салайдина Авазова
Мэр Джалал-Абада Салайдина Авазова - Sputnik Кыргызстан
Мэр Джалал-Абада Салайдина Авазова

Салайдин Авазов

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазов ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшүрүлгөн. Себеби Авазов ага чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болуп иштеген.

Жолдошбек Назаров

Салайдин Авазов менен бирге ошол кезде ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган Жолдошбек Назаров да камакка алынды. Экөө тең 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев
Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев

Айбек Калиев

Ал эми 18-апрель күнү УКМК "Улуттук энергетикалык холдингдин" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиевди "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармады. 

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Осмонбек Артыкбаев
Депутат ЖК Осмонбек Артыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Осмонбек Артыкбаев

Осмонбек Артыкбаев

5-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынды. Ага Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков

Сапар Исаков

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Масалиев: ТЭЦ боюнча экс-президентти жооп берсин десек мыйзамды өзгөртүү керек
Шейшемби күнү өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков дагы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынды. Исаков УКМКга Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралып келген. Мындан тышкары, ага "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Кошумчалай кетсек, УКМКда КР өкмөт аппарытынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев дагы сурак берген. Ал Бишкек ТЭЦинин буу казандарын оңдоо боюнча "Электр станциялар" ААКтын жалган тендер өткөрүүсү жана 2017-2018-жылга карата жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн бөлүнгөн ири суммадагы каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган.

© Sputnik / Жоомарт УраимовПредседатель правления РКФР Кубанычбек Кулматов
Председатель правления РКФР Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Председатель правления РКФР Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматов

Кечээ, 5-июнда камакка алынган Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовдун ТЭЦти модернизациялоого түздөн-түз тиешеси жок. Бирок ага Бишкек ТЭЦин реконструкциялоонун алкагында ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланды делип, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0