Айнаш Токбаева судьялардын ишине эмнеге доо кетип жатканын айтты

Жазылуу
Сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, ал боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Штаттык бирдиктин аздыгынан судьялар өтө көп иштерди карап жатышат. Бул туурасында Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева парламентте сот тутумунун 2017-жылдагы иши боюнча жылдык маалымат берип жатканда билдирди.

Анын айтымында, сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, ал боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Бир судья бир жылда орто эсеп менен 65-70 иш карайт. Бул көрсөткүч өтө көптүк кылат. Мындан улам алар караган иштердин сапатына доо кетүүдө. Судьялардын штаттык бирдигин көбөйтүү зарыл", — деди Токбаева.

Мындан сырткары, ал бирдиктүү соттук практика сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өз таасирин тийгизерин белгилеп өттү.

"Бирдиктүү соттук практиканы түзүү максатында заманбап технологиялар колдонулууда. Облустук сотторго видео-конференц байланыш тутумдары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практикада пайда болгон маселелер талкууланып, мыйзамды туура колдонуу жолдору түшүндүрүлүүдө", — деди Жогорку соттун төрайымы.

Табличка у здания КТРК - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун канааттандырды
Маалым болгондой, Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, бардык каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралуусу ар квартал сайын бааланат. Мындай усул судьялардын жоопкерчилигинин артышына, сот адилеттигин ишке ашыруу чараларынын сапатынын жакшыруусуна, алардын кесипкөйлүгүнүн жогорулашына өбөлгө түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0