Портфель көтөргөн адам. Архив

Миграция кызматын эми Болотбек Ибраимжанов жетектейт

120
(жаңыланган 11:17 14.06.2018)
Буга чейин аталган кызматты Медетбек Айдаралиев ээлеген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси болуп Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөт башчы дагы бир буйругу менен аталган кызматты буга чейин аркалап келген Медетбек Айдаралиевди иштен өз ыктыярынын негизинде бошоткон.

Ал жетекчилик кызматка 2016-жылдын аягында дайындалган.

120
Белгилер:
Мамлекеттик миграция кызматы, Медетбек Айдаралиев, Болотбек Ибраимжанов
Тема боюнча
Аламүдүн районунун акими алмашты
Пикирлер