Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Архив

Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев да УКМКдан суралып чыкты

199
(жаңыланган 12:17 14.06.2018)
ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча камакка алынган аткаминерлердин саны 10го чукулдады.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суралып чыкканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, Сатыбалдиев УКМКга күбө катары чакырылган.

Эскерте кетсек, аталган кылмыш иштин алкагында камакка алынган аткаминерлердин саны 10го чукулдады.

13-июнь күнү аталган комитетке күбө катары Сатыбалдиевге чейин экс-премьер Темир Сариев да сурак берип чыккан.

199
Белгилер:
сурак, УКМК, Жантөрө Сатыбалдиев
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (50)
Тема боюнча
УКМКда экс-премьер Темир Сариев дагы сурак берип жатат
Шаардык сот Сапар Исаковду камакта калтырды. Сот имаратынан видео
Пикирлер