Абылгазиев: Энергетика министрлигин кайрадан түзүү керек

© Пресс-служба правительства КРӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда премьер-министр өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берүүдө.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагында учурда көйгөй чоң бар экенин Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Учурда премьер-министр өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берүүдө.

Абылгазиев энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча айрым тармактар эмнеге акционердик коом, кийин мамлекеттик комитет болуп түзүлгөнү боюнча анализ жасап жатканын кошумчалады.

"Энергетика тармагында чоң көйгөй бар. Айрым тармактар акционердик коом, мамлекеттик комитет болуп түзүлгөнүн азыр карап жатабыз. Булар кайсы максатта түзүлгөн жана кандай жыйынтык болду, аны карайбыз. Мен бул түзүмдөр проблеманы алаксытуу үчүн түзүлгөн структура деп ачык эле айтам. Энергетика менен жер казынасын пайдалануу биздин бюджетке салым кошчу тармак. Булар бир жерге берилип, татыксыз, ишин билбеген жетекчилер тартылган. Мен анализ жасап жатам, силерге да маалымат берем", — деди өкмөт башчы.

Премьер Энергетика министрлиги кайра түзүлүш керек деген сунуштар жана сөздөр болуп жатканын, андыктан сентябрь айында бул маселе боюнча өзүнүн сунушу менен келерин, ошондо талкуулап бир чечимге келүү керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0