Бишкекте кыргыз-орус парламентарийлери аскерий-техникалык кызматташууну талкуулайт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын жана Россиянын жоокерлери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү боюнча да кеп болот.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Борбор калаада Жогорку Кеңеш менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын VIII жыйыны өтөт. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады
19-июнда боло турган иш-чарага Жогорку Кеңештин, Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Иш-чарада актуалдуу маселелер, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү талкууланат.

Жыйындын алкагында РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу мерчемделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0