Шаардык сот Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов. Архив
Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовду сот үй камагына чыгарган жок.

Бүгүн, 18-июнда, Бишкек шаардык соту Кулматовдун жактоочуларынын кассациялык арызын карады. Анда жактоочу Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн даттанган болчу.

Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Кулматовдун кандай мүлкү бар? Декларациядагы маалымат
УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган. Мындан тышкары, подрядчы компаниянын жетекчилеринин бири да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин алкагында Кулматовдун, мэриянын жогорку кызматтагы адамдары менен "Альто Групп" компаниясынын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0