КСДП Сомалиге берилет делген тик учактар боюнча билдирүү таратты

Жазылуу
КСДП өкүлү тик учактар Кыргызстандын аймагынан эч жакка чыкпаганы ооздун учу менен, ал эми фактылар көбүртүп-жабыртылып айтылып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тик учактары Сомалиге берилет делген фактылар Алмазбек Атамбаевди каралоо максатында атайылап бурмаланган. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевди партиялаштары КСДПдан чыгарабы? Расмий жооп
Эскерте кетсек, 14-июнда Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тик учактары "Сомалиде согуш жүргөн жерге жибериле турган болуп жатканын, бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен келишим түзүлгөнүн" айтып чыккан. Ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы мындай маалымат чындыкка дал келбей турганы боюнча билдирүү тараткан.

"Тик учактар боюнча маалымат атайылап бурмаланган. Биринчиден, мындай демилгени Генштаб көтөрүп чыккан болчу. Экинчиден, ал ишке ашпаган бойдон калган. Тик учактар Кыргызстандын аймагында. Бул чуунун жаралышынын негизги максаты — экс-президентти жаманатты кылуу. Анан дагы мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин сөздөрү келтирилиптир. Ал убагында ири суммадагы мамлекеттик каражатты уурдагандыгы үчүн кызматтан алынган", — деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле биринчи кезекте — ошол убакта Генштабдын башчысы (Алымкожоев А.Т.) эмне себептен бул маселени көтөрүп чыкканын сураш керектигине басым жасады.

"Сураш керек, себеби мамлекет башчы тийиштүү органдардын келтирген жүйөлөрүнө көңүл буруп, анан гана чечим чыгарчу. Баса, жарыяланган маалыматтарда контракт ишке ашпай калганы ооздун учу менен айтылыптыр. Тик учактар Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес!" — деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле тик учак чуусу экс-президенттин бетине көө жабуу максатында жасалып жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0