Албек Ибраимов ага козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берди

Жазылуу
Бишкек шаарынын мэри торпедо чыгаруу үчүн атайын материалдарды сатып алуунун хронологиясын айтып берген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Албек Ибраимов ага козголгон кылмыш ишинде саясий боёктор бар экенин айтты. Бул тууралуу КСДПнын катчылыгынан маалымдашты.

Эске салсак, УКМК "Дастан" ААКсында ири өлчөмдө каражат уурдалгандыгы тууралуу фактыны аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) менен кылмыш ишин козгогон. УКМКын маалыматы боюнча, 2012-жылдын январь айында ТНК "Дастан" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюм сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн.

Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды
Ибраимов өз түшүндүрмөсүндө ал корпорацияны жетектеп турган 2012-жылдын февралында "ТНК Дастан" ААКы менен Индиянын Коргоо министрлигинин ортосунда 12 аскер торпедасын алып келүү боюнча келишим түзүлүп, аны аткаруу 2012-жылдын декабрына белгиленгенин айтты. Калаа башчысы бул келишим ТНК "Дастан" ишканасынын акыркы жылдагы бир гана ири келишими экенин баса белгилеген.

Ибраимов келишимде негизги үч нерсе маанилүү болгонун айтып, ага токтолгон:

— келишимдин аякташына болгон даярдык 95 пайызды түзгөн (деталдар өндүрүштөн чыгарылып жаткан);

— ишкана каражаттын басымдуу бөлүгүн короткон, бул сырье жана келишимди аткаруудагы кошумча нерселер, айлык жана салык;

— келишимди белгиленген мөөнөтүндө аткарбаса салына турчу айып миллион доллардан ашык деп көрсөтүлгөн.

Ибраимов бул торпеданын бир бөлүгү жетишпей жатканын белгилеп, анысы жок эч ким сатып алмак эместигин жана завод 6 миллион доллардан ашык чыгымга учурамактыгын айтты.

Техникалык кызматтын корутундусуна ылайык керек болгон бөлүктү СССР учурунда "Перм Велосипед Заводу" гана чыгарып келген.

"Маалым болгондой бул ишкана бизге керектүү болгон бөлүктү чыгарбай калган. Андыктан ал "Дастан" заводу чыгарган торпедаларды колдонгон мамлекеттердин аскер-деңиз кампаларында болушу мүмкүн эле", — деди ал.

Мэр ошол учурда Кыргызстанда атайын бөлүктөрдү алып келүүгө "Дастан Инжиниринг" компаниясы гана укуктуу болгонун жана алар өзүлөрүнүн "Укрспецэкспорт" ишканасындагы байланыштарына таянуу менен керек нерсени алып келе аларын билдиргенин кошумчалады.

Андыктан атайын бөлүктү (И-239 Взрыватель) алып келүү үчүн келишим түзүлгөн. Ибраимовдун айтымында, "Дастан Инжинирингдин" негизги учредители Украинанын жараны Шумов болгон.

ТНК "Дастан" менен "Дастан Инжиниринг" атайын бөлүктү алып келүү үчүн 533 миң долларга келишим түзгөн. Өз кезегинде "Дастан Инжиниринг" мындай жүктү алып келүү үчүн документтерди толтурууга көп каражат кете турганын айткан.

"Башкача айтканда, жүктү алып келүүдө акыркы сумма "Дастан Инжиниринг" тарабынан сунушталган. Башка варианттар болбогондуктан биз макул болууга аргасыз болдук", — деди Ибраимов.

Жыйынтыгында Индиянын Коргоо министрлиги менен ТНК "Дастандын" түзгөн келишими мөөнөтүндө аткарылып, ишкана 11,5 миллион доллар өлчөмүндө киреше тапкан.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ чуусу боюнча камакка алынган аткаминерлердин саны онго жетти. Тизме
Ибраимовдун айтымында, операциялык кирешеден 6 миллион доллар түшкөн, кызматкерлердин айлыгы үч-төрт эсе көбөйгөн. Жылдын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлк фондусу "Дастандын" тарыхында биринчи жолу бир миллион доллардан ашык дивиденд алган.

"Андыктан буларга таянуу менен ТНК "Дастан" ААКтын ишенип берилген мүлкүн ээлеп алуу жана аны коротуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Мен билгенден мындай келишимдердин аткарылышын Улуттук коопсуздук комитети менен Коргоо министрлиги такай көзөмөлдөп карап турат. Ошол эле учурда эмне үчүн 7 жылдан кийин деген суроо туулат, балким кандайдыр бир шектенүү пайда болдубу?" — деп Ибраимов суроо салат.

Ал ошондой эле экс-президенттин командасындагы анын санаалаштарынын кармалып жатышынан улам иш саясий негизден улам козголушу мүмкүн деген ойлорго аргасыздан түртө турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0