Саламаттык сактоо министринин эки орун басары алмашты

Жазылуу
Тийиштүү буйруктарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин эки орун басары алмашканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө аталган кызматтарга Эркин Чечейбаев менен Мадаминжан Каратаев дайындалганы айтылат. Тийиштүү буйруктарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин министрдин орун басарлары болуп Амангелди Мурзалиев жана Олег Горин иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0