Өкмөт башчы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн эсеп ачууга кол койду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ боюнча эсеп казына системасында ачылат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат чогула турчу бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот.

Документ боюнча эсеп казына системасында ачылат.

"Жаңы процедура боюнча мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталат да өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындай механизм эсеп жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттырып, коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын эске алуу менен каражатты майнаптуу колдонууну камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0