Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары

© AFP / MAXIM MARMURМурунку президент Курманбек Бакиев и жана экс-премьер-министр Феликс Кулов. Архив
Мурунку президент Курманбек Бакиев и жана экс-премьер-министр Феликс Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир кезде британ премьерлеринин бири түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылык гана жашайт деп айткан экен. Бул кеп менен биздин саясатты да мүнөздөөгө болот. Sputnik Кыргызстандын редакциясы саясий кызыкчылыктардан улам союздаштарын сатып кеткен учурларды эстеп тизмектепчыкты.

БИШКЕК, 22-июн — Sputnik. "Өзүбүздүкүлөрдү согуш талаасында таштабайбыз" деген жалпыга маалым ураан бар, бирок ал биздин саясий чөйрөгө жат түшүнүк. Жергиликтүү саясатчылардын көбү өздөрүнө ыңгайлуу санаалаштарын оңой таап, зарылдыгы жаралса ошондой эле жеңил кол үзүп кое алат.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы санаалаштарын саясий кызыкчылыктардан улам саткан учурларды тизмектеп, ошондой эле саясат таануучу Марат Казакпаевден алар боюнча пикирин тыңдады.

Курманбек Бакиев — Феликс Кулов

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстан президенти Курманбек Бакиев жана премьер-министр Феликс Кулов КР көз карандысыздыгынын 15 жылдыгын белгилөө убагында. 2006-жыл, 31-август
Президент Кыргызстана Курманбек Бакиев и премьер-министр Феликс Кулов во время празднования 15-летия независимости Кыргызской Республики. 31 августа 2006 года. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев жана премьер-министр Феликс Кулов КР көз карандысыздыгынын 15 жылдыгын белгилөө убагында. 2006-жыл, 31-август

Курманбек Бакиев мамлекетти башкаруу шыбагасына көбүнесе оппозиционер Феликс Кулов менен болгон союзунан улам жеткен. Жигиттик антташуудан кийин Кулов президенттик дымагын тизгиндеп, 2005-жылы Бакиевдин талапкерлигин колдогон.

Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
Саясатчылардын ал союзу "тандем" деп аталган. Бирок алардын биримдиги көпкө узаган жок, 2007-жылы башкы "арнамысчы" кызматынан кол жууган. Конституциялык реформанын жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен, андан кийин да Бакиев Куловдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына эки ирет көрсөтүп, бирок парламенттен колдоо таба алган эмес. Үчүнчү жолкусунда ошол кездеги Айыл чарба министри Азимбек Исабеков көрсөтүлгөн.

"Президент жигиттик убадасына турган жок" деп чыккан Кулов өлкө башчынын отставкасын талап кылган. Башка оппозиционерлер менен биригип митинг уюштурган, жыйынтыгында аянтка чыккан эл укук коргоо органдары тарабынан таратылган.

Казакпаевдин айтымында, тандемдин ыдырашы күтүлгөн эле көрүнүш болчу.

"Бир жагынан Кулов тандемдешинин дегендерине көп көнө берип, өз тарапташтарынын арасында да таасири алсырай баштаган. Экинчи тараптан ал президенттик шайлоодо жеңишке жете ала турган реалдуу талапкер эле. Аброю шайлоодон кийин деле Бакиевден ашып түшчү, ошол себептен кыязы кызганычтар жаралса керек, мамлекеттин агездеги башчысы абалды жалгыз өзү тескеп, бийликти толук кандуу менен сезгиси келген", — деп эсептейт саясий серепчи.

Курманбек Бакиев — Азимбек Исабеков

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев кичи мекени Тейит айылында берген басма сөз жыйынында
Курманбек Бакиев кичи мекени Тейит айылында берген басма сөз жыйынында - Sputnik Кыргызстан
1/2
Курманбек Бакиев кичи мекени Тейит айылында берген басма сөз жыйынында
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАзимбек Исабеков өкмөттү туура эки ай гана жетектеди (2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин)
Азимбек Исабеков өкмөттү туура эки ай гана жетектеди (2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин) - Sputnik Кыргызстан
2/2
Азимбек Исабеков өкмөттү туура эки ай гана жетектеди (2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин)
1/2
Курманбек Бакиев кичи мекени Тейит айылында берген басма сөз жыйынында
2/2
Азимбек Исабеков өкмөттү туура эки ай гана жетектеди (2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин)

Кыргызстандын кийинки премьер-министри Куловдун өкмөтүндө Айыл чарба министрлигин аркалап келген Азимбек Исабеков болгон. Исабеков өкмөттү туура эки ай гана жетектеди (2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин).

28-мартта ал бир катар министрлерди кызматтан алат, бирок бул кадамы президент тарабынан колдоого алынбайт. Эртеси ал отставкага кеткен. Тарыхта ал эң кыска мөөнөт иштеген премьер катары калды.

"Ооба, Бакиев анын министрлерди кызматтан кетиргенин колдогон жок. Бирок ал убактылуу фигура болгон. Болгону, кызматтан тез кеткени кызык болду", — деди Казакпаев.

Курманбек Бакиев — Алмазбек Атамбаев

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын агездеги президенти Курманбек Бакиев жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев. 2007-жыл
Президент Кыргызстана Курманбек Бакиев и премьер-министр Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын агездеги президенти Курманбек Бакиев жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев. 2007-жыл

Исабеков иштен кетери менен өкмөт башчылыгына оппозициялык лидерлердин бири Алмазбек Атамбаев дайындалган. Ал министрлер кабинетин 8 ай башкарды. Отставкага өз ыктыяры менен узаган. Бакиев "Атамбаевдин вазыйпасы аягына чыкканын" белгилеп, аны "Данакер" ордени менен сыйлаган. Өз кезегинде Атамбаев премьерлик чагында президент аны "бардык маселелер боюнча колдогонун" айтып чыккан жайы бар.

Атамбаев отставкага себеп катары Бакиевдин айланасындагылардын премьердин өз алдынчалыгына нааразылыгын атаган.

"Атамбаевдин дайындалышы кырдаалды курчутуп жибербеш үчүн тил табышуу аракети болгон. Ал киши дагы өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн дайындалган утурумдук фигура эле. Премьер-министр өзү деле ал биримдик анчалык бекем эместигин түшүнгөн", — деген пикирин айтат өтмүштөгү бул окуялар тууралуу Казакпаев.

Акматбек Келдибеков — Жогорку Кенештеги коалиция

© Фото / пресс-служба ЖК КРАкматбек Келдибеков 2010-2011-жылдары Жогорку Кенештин төрагасы болгон
Ахматбек Келдибеков  - Sputnik Кыргызстан
Акматбек Келдибеков 2010-2011-жылдары Жогорку Кенештин төрагасы болгон

2010-жылы кезектеги Конституциянын күчүнө киришинен кийин парламенттик шайлоо өткөн, Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык Жогорку Кеңеш өкмөттү түзөт. Өкмөт экинчи аракеттен кийин куралган. Болгондо да коалициядагы үч фракциянын ар бирине жогорку кызмат бөлүштүрүлгөн: "Ата-Журтка" — спикерлик, мыйзам чыгаруу органды Акматбек Келдибеков тескеп, СДПКга — премьерлик (Алмазбек Атамбаев), ал эми "Республиканын" энчисине — биринчи вице-премьерлик тийген (Өмүрбек Бабанов). Бирок жыл айланбай коалиция ыдырап, жаңы түзүмүнөн "Ата-Журт" орун алган эмес, Келдибеков өлкөдөгү мааниси боюнча экинчи жогорку кызматтан кол жууган.

КСДП жана "Республика" фракциялары "Ата Мекен", "Ар-Намыс" менен биргеликте жаңы коалицияны түзүштү. Ошол чакырылышта коалиция бир нече ирет бузулуп, бирок Келдибековдун ордун баскан Асылбек Жээнбековду алмаштыруу жөнүндө кеп козголгон эмес.

"Саясий күрөш күч алып турган эле, анын жүрүшүндө күчтүү "Ата-Журтту" жана анын лидерлеринин бирин сүрүп чыгарышты. Коалициянын өзү утурумдук биримдик болгон да", — деди Казакпаев.

Феликс Кулов жана "Ар-Намыс" фракциясы

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию

Феликс Кулов Кыргызстанда жогорку кызматтарды, анын ичинде вице-президенттикти да ээлеген. 2005-2007-жылдары премьер-министр, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2010-жылы Кулов партиясы менен парламенттик шайлоодон тийиштүү добуш алып, 23 мандатка ээ болгон. Бирок кийинки эле жылы 15 "арнамысчы" көпчүлүк коалициянын курамына кирерин жарыялаган. Көп өтпөй фракциянын бир бөлүгү Камила Талиеваны лидер кылып шайлап алган. Кантсе да Кулов фракция лидерлигин сактап калган, кийин коалициялык көпчүлүктү да жетектөөгө жетишти. Кийинчерээк Талиеваны вице-премьер, андан соң маданият министри кылып дайындашкан.

"Фракцияда акчалуу жана таасирдүүлүгүнөн улам шайлоо маалында партияга чакырылган адамдар бар эле. Парламентке келгени алар өз оюндарын башташты. Бул саясий уюмдун экиге бөлүнүшү турган иш болчу", — деп эсептейт саясат таануучу.

Кызыкчылык үчүн анттан таюу Кыргызстандын саясатында эле барбы?

Казакпаев бул нерсени кадыресе саясий көрүнүш экендигин айтат.

Чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынбай алмашкан вице-премьерлер. Эмнеге, кантип жана качан?
"Бүт дүйнөдө кандай гана биримдик болбосун, акыры ыдырайт, аягы дайым эле сый мүнөздө бүтө бербейт. Кыргызстан да албетте, андайдан куру эмес. Бир айырмасы — бизде баары ыкчам жүрөт, себеби, бийлик бир президенттин колуна топтолгон эмес", — деп түшүндүрдү Казакпаев.

Мындай "сатып кетмейлердин" курмандыгына айланбаш үчүн саясатчылар дайым сак болуп, башкасына ашкере ишенбей, саясаттагы бардык биримдиктер убактылуу түзүлөрүн эстен чыгарбоого тийиш деп жыйынтыктайт өз пикирин саясат таануучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0