Жээнбеков: коррупционер кармалса эле депутаттар же саясий топтор бошотууну суранат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Минск
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы антикоррупциялык аракеттер бардыгына бирдей болушу зарыл экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпей турганын айтты.

Бүгүн, 27-июнда, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады.

Президент өз сөзүндө азыр кайсы коррупционерди кармаба анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун "ушул адамды бошотуп койсоңуз" деген суранычтары түшүп жатканына токтолду.

"Бул күрөш коомдун колдоосуна, жарандардын аң-сезимдүүлүгүнө жана активдүү позициясына муктаж. Азыр "ууру болсо да биздин бала эле" деген ой менен бир айыл кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат. Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек",— деди президент.

Андан сырткары, мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртели-кеч аны кайтара турганын кошумчалады. Ошол эле учурда анын сунушу менен өкмөт атайын эсеп ачканын айтты.

Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүрүлгөн каражаттар түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0