Төрага Дастан Жумабеков. Архив

Төрага парламенттин чыгымын ар бир депутатка бөлүү туура эместигин айтты

89
(жаңыланган 15:19 29.06.2018)
Жогорку Кеңештин бюджети 786 миллион сомду түзөт.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Төрага Дастан Жумабеков парламенттин чыгымдарын депутаттардын санына бөлүү туура эмес экенин маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин бюджети 786 миллион сомду түзөт.

"Бул сумманы 120 депутатка бөлгөн туура эмес. Анткени парламенттин аппаратында миңдей киши иштейт. Алардын бардыгына ушул суммадан айлык берилип, салык жана социалдык фондго төлөнөт", — деди ал.

Жумабеков ошондой эле Жогорку Кеңеш жыл сайын 30 миллион сомдой акча үнөмдөй турганын кошумчалады.

89
Белгилер:
бюджет, Жогорку Кеңеш, Дастанбек Жумабеков, Бишкек
Тема боюнча
Эл өкүлдөрү депутаттарга берилген үйдүн жарымында эле жашайт
Жогорку Кеңеште оппозиция барбы? Төраганын жообу