Фарид Ниязов: Ренат Самудиновдун бир кылыгы билинбей калганда шайлоого катышмак

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудинов аларга мурдагы бийлик учурунда кысым болгонун айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ренат Самудинов менен депутат Данияр Аттокуровдун ортосунда кадр саясаты боюнча пикир келишпестиктер бар болчу. Мындай оюн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов өз дагерине айтылган сынга жооп берип жатып билдирди.

Эске салсак, АКШдан саясий башпаанек сурап кеткен журналист Элнура Молдокадырова менен активист, КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов ишемби күнү интернет аркылуу кайрылуу жасап, Фарид Ниязов менен Данияр Аттокуров тарабынан кысым болгонун айткан

"Ренатка мен партиядагы эң перспективдүү жаштардын бири катары жакшы мамиле кылып, жардам берип турчумун. Потенциалын көрүп, партиянын катарында алып калууга аракет кылдым. Бирок айрым учурда жагымсыз окуяларга аралаштыгы билинип калчу. Эгер бир кылыгы билинбей калганда, ал 2015-жылы парламенттик шайлоодо алдыңкы 10 талапкердин катарына кирүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Аны өзү сопсонун билчү", — деди Ниязов.

Ошондой эле ал Аттокуров экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди интригасы жок, көзмө-көз сүйлөшүп чечип алууну сунуштаганын айтты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП Атамбаев "сатып алды" деген Кой-Таштагы жер боюнча УКМКга жооп берди
"Мен Ренат менен жардам берүү максатында гана сүйлөшчүмүн. Аттокуров менен кадр саясаты боюнча пикир келишпей жүрүшчү. Маселени көзмө-көз сүйлөшүп чечишип алгыла дегем. Ал эми Ренаттын партиядан четтетилиши анын КСДП бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүшүнө каршы иш жүргүзгөнү себеп болгон. Жошоосуна коркунуч жаралгандыгы боюнча айтканын жана саясий башпаанек сураганын өз абийирине койдум. Атамбаевдин учурунда мындай мисалдар бир дагы жолу болгон эмес. Самудинов менен жубайынын өлкөдөн чыгып кетиши өкүнүчтүү. Алар Кыргызстанда бир топ бийиктиктерди багындырмак", — деди ал.

Белгилей кетсек, Молдокадырова менен Самудинов өткөн жылы Америка Кошмо штаттары менен Мексиканын чек арасынан кармалган. Кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алар саясий башпаанек сурагынын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0