Жогорку соттун үч судьясына башкы прокурор иш козгоду

Жазылуу
Алар үй камагына чыгарылган айыпталуучуну мыйзамсыз камакта кармаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку соттун үч судьясына, Жогорку соттун аппаратында иштегендер менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кылмыш иши айыпталуучуну мыйзамсыз камакта кармаганы үчүн козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду
Ачылган кылмыш ишинин алкагында О.Т. аттуу жарандан өлкө аймагынан чыкпоо боюнча тил кат алынган. 2017-жылы 25-августта райондук сот кылмыш ишин карап жатып О.Т. аттуу жарандын келбегенинен улам аны бир ай камакка алуу чечими кабыл алынган. Бул чечим экинчи инстанция тарабынан да күчүндө калтырылган. Буга чейинки соттордун өкүмүн О.Т. аттуу жаран Жогорку сотко арызданган. Бирок 2018-жылы 29-марттан 29-апрелге чейин бир ай камакка алынган", — деп айтылат маалыматта.

Бирок №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз милдетин так аткарбастан О.Т. аттуу жаранды 11-майга чейин 12 күн мыйзамсыз камакта кармаган. Кылмыш иши Жогорку сот тарабынан 14-майда гана каралган. Мында айыпталуучунун эркиндикке болгон укугу бузулганы айтылат.

Жогорудагы факты боюнча Башкы прокурор тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык" жана "Мыйзамсыз кармоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0