Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан

Дастан Жумабеков: 120 депутаттын баары мыйзам жазууга милдеттүү эмес

372
(жаңыланган 20:56 04.07.2018)
Айтурган Сатиева
Ушул жумадан тартып Жогорку Кеңештин IV сессиясы аяктап, парламентарийлер жайкы эс алууга кетти. Sputnik Кыргызстан парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду редакцияга чакырып, депутаттардын ишмердүүлүгү, эл тарабынан айтылган сын-пикирлер боюнча кепке тартты.

Жумабеков 2017-жылдын октябрынан тарта Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын аркалап келет.

— Дастан Артисбекович, Кыргыз АССРи убагынан баштап алсак, кыргыз парламентине быйыл 80 жыл толот экен. Учурда парламент бул юбилейге даярданып жатса керек?

— Албетте, кыргыз парламентинин 80 жылдыгынын алкагында жасалчу иштер бар. Парламенттин жүргүзгөн саясатынын натыйжасында 80 жыл ичинде көптөгөн жакшы иштер жасалды десек болот. Өлкөнүн эгемендүүлүк алуусу, калктын жашоо-турмушу, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн Баш мыйзамдын улам жаңыланышы, учурда биздин парламенттик башкарууга өтүшүбүз да парламенттин туура жүргүзгөн ишинен улам болуп жатат десек жаңылышпайбыз.

— Парламент премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчетун канааттандырарлык деп тапты. Пикир билдирүүгө келгенде эл өкүлдөрү эмнеге буйдалып калышты?

— Мухаммедкалый Дүйшөкеевич 2017-жылдагы өкмөттүн аткарган иши боюнча отчетун берди. Өкмөт жетишкендиктери менен бирге эле кетирген кемчиликтерине да токтолду. Эл өкүлдөрү аймактардагы көйгөйлөр, жол маселеси, 5-10 жылдан бери бүтпөй жаткан бала бакча, мектептер тууралуу курч пикирлерин айтышты. Ал кезде учурдагы премьер-министр иштебегендигин эске алып, өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп таптык.

— Парламент отурумунда айрым учурларда эл өкүлдөрү тарабынан "регламентти буздуңуз", "мага сөз бербей койдуңуз" деген сыяктуу сын-пикирлер айтылып калат. Мындай маселелерди отурумдан сырткаркы учурда кандай жолдор менен чечесиз?

— Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. Алардын бардыгы элдин сынынан өткөн инсандар. Көпчүлүгү юрист, же тажрыйбасы чоң депутаттар. Албетте, жыйын алпарып жатканда регламент менен иштейбиз. Жалпысынан ошол регламенттен чыкпай иштөөгө аракет кылам. Ал жүздөн ашуун беренеден турат, баарын жаттап калуу кыйын. Ошол эле учурда ар бир эл өкүлүнүн колунда регламент бар. Мен ката кетирип алган жерден алар аны барактай коюп, микрофонго чыгып, мени оңдоп турушат. Ошол жерден кечирим сурап жыйынды уланта берем. Бул нерсеге терең көңүл буруп деле отургум келбейт.

Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша, депутат от фракции Кыргызстан Дастан Джумабеков
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Дастан Жумабеков 2017-жылдын октябрында Жогорку кеңештин төрагасы болуп шайланган

— Сиз парламент отурумуна келгенде бардык аткаминерлер дресс-кодду сактоосу зарыл дедиңиз эле. Бул эрежелер эл өкүлдөрүнө да тиешелүүбү? Дегеним, андан мурдараак эле депутаттар да кээде жумушка жинсы кийип келгени туура эмес экенине токтолгонсуз.

— Бул пикиримди өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө айткан элем. Негизи өкмөттө да, парламентте да мамлекеттик этика деген болот да. Ага ылайык, жеңи кыска көйнөк менен келсе болот, көйнөгү бир түстө болуусу керек, сөзсүз түрдө галстук тагынуу зарыл. Ошол отурумда айрым министрдин орун басарлары жана министрликтин өкүлдөрү дресс-кодго туура келбеген кийим кийип келишиптир. Жыйынды жалпы Кыргызстан көрөт. Андыктан кийинүү эрежесин сактоого милдеттүүбүз. Албетте, булар өзүмдүн кесиптештериме да тиешелүү.

— Бир топ убакыт мурда депутаттын добуш берүүдө кесиптештери үчүн да кнопканы басып жаткан видеосу коомчулукка тарап, кызуу талкуу жаратты ле. Мындай көйгөй азыр деле барбы?

— Тилекке каршы, таптакыр жок деп айта албайм. Бул маселе V чакырылыштын депутаттары тарабынан катуу талкууга алынган. Андан кийин ар бир депутатка өздүк чип берилген. Ал өз чиби менен ачпаса, анын компьютерине башка эч ким отура албайт. Мындай жол менен биз бул көрүнүштү кескин кыскарттык десек болот, бирок айрым учурларда депутаттарга шайлоочулары келип калган болот же ошол эле журналисттерге интервью берип калып, бошобой калышат. Бул мезгилде алар өз макулдугу менен чиптерин жанындагы кесиптешине таштап чыгышат. Алар мыйзам жалпы талкууга алып чыкканга чейин эле комитеттерде каралган учурда бардык керектүү маалыматтарды алат. Ошол добушка коюлган мыйзам тууралуу бардык депутаттын толук маалыматы бар деп айта алам. Мындай көрүнүштөр бир эле бизде эмес, дүйнө жүзүндө да болуп келет. Андыктан мен жалпы калктан түшүнүү менен кабыл алууну суранат элем.

— Парламенттин ишмердүүлүгү боюнча сөз болгондо 20-30 депутат активдүү болуп, калгандарынын бар же жогу билинбей калууда деген пикирлер айтылып келет. Буга эмне дейсиз?

— Негизи ар бир эле депутат мыйзам жазышы керек эмес. Мыйзамдардын 70 пайызы өкмөттөн келиши керек. Учурда парламентте отурган 120 депутаттын башкы милдети ошол жазылып жаткан мыйзамдар калктын пайдасына иштейби-жокпу деп өз анализин жүргүзүп, үч окуудан өтөөрдө терең изилдеп көрүп, пикирин билдирүү.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков в ходе пресс-конференции по итогам четвертой сессии Жогорку Кенеша Кыргызской Республики шестого созыва
© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул Оморов
Жумабеков: 70 пайызы өкмөттөн келиши керек. Учурда парламентте отурган 120 депутаттын башкы милдети ошол жазылып жаткан мыйзамдар калктын пайдасына иштейби-жокпу деп өз анализин жүргүзүп, үч окуудан өтөөрдө терең изилдеп көрүп, пикирин билдирүү

— Учурдагы парламентте капчыгы калың депутаттар көп. Мындан улам коомчулукта да терс пикирлер жаралып келет. Кандай ойлойсуз, эки палаталуу парламент түзүүгө мезгил келип жеттиби?

— Бизде мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөрү деген эки палатадан турган парламентибиз бар болчу да. Анын натыйжасы аз, чыгымы көп болгондуктан 2010-жылы бир палаталуу, партиялык тизме менен келген Жогорку Кеңешти түзбөдүкпү. Парламенттин табияты — мыйзамдарды жазуу, кабыл алуу жана аны көзөмөлдөө. Ошондой эле эл менен тыгыз байланышта болуп, калк арасындагы көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирип туруу эмеспи. Андыктан, менин пикиримде эки палаталуу парламенттин бизге кажети жок.

— Мындан бир топ убакыт мурда казак жарандыгы бар депутат ачыкталды эле. Бул окуядан соң башка эл өкүлдөрү текшерүүдөн өттүбү?

Жогорку Кеңеш. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
— Ар бир талапкер депутат болуп шайланаардан мурда кош жарандуулугу тууралуу өзү маалымат берет. Алардын маалыматынан кийин да жакынкы өлкөлөргө сурам жөнөтүлүм, ошол адамдын жарандыгы такталат. Негизи ошол жарандык берген өлкөлөр сурамжылоону алган соң маалымат бериш керек, бирок алар жашырып койгон учурлар болуп жатат. Анын кесепетинен жогоруда сиз айткандай окуя болуп өттү. Мындан улам учурда жаңы мыйзам кабыл алуудабыз. Эгер эл өкүлүнүн кош жарандуулугу аныкталса, ал адам мыйзам чегинде жоопко тартылуу менен келтирилген чыгымдарды төлөп бергенге милдеттендирилет.

— Депутаттар бир партиядан экинчисине өткөндү адатка айландырып баратышкандай. Бул парламенттин ишмердүүлүгүнө зыянын тийгизбейби?

— Англиялык белгилүү саясатчы Уинстон Черчиллден сизге окшогон бир журналист так ушинтип сураганда ал "кайсы партия өлкө үчүн иштесе, мен ошол партияга мүчө болом" деп жооп берген экен. Ал сыңары мында эч кандай жаман нерсе жок. Мындан тышкары, адамда мүнөз деген болот эмеспи. Партия мүчөлөрүнүн лидерлер же башка бир партиялаштары менен пикир келишпей калган, көз караштары туура келбей калган учурлары болот. Мунун баары жалпы парламентаризмдин ишине терс таасирин тийгизбейт.

Спикер Жогорку Кенеша Дастанбек Джумабеков во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул Оморов
Төрага: мен өз оюмду курч, тайманбай айтып көнгөм, мындай учурда да кескин жооп берип келем

— Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы кайсы иши купулга толот деп айта аласыз, ошондой эле кайсы ишин жеткиликтүү деңгээлде аткарылбай жатат деп эсептейсиз?

— Мактангандай болбоюн, жетишкендиктерибизди эл бааласын. Беделдүү саясий чечимдер болду, 120дан ашуун маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Мынакей, 2020-жылы кайрадан шайлоо болот. Ошондо да кайсы депутат, кайсы фракция кандай иштегендиги билинет, анткени алардын учурда жасаган ишинин негизинде эл баа берип, шайлайт. Кемчиликтер болсо, ага да эл тараза. Ар бир депутаттын жүрөгүндө мамлекетке, элге кызмат кылсам деген изги тилеги, мойнунда чоң жоопкерчилиги бар, муну айтпай кетсем болбос.

— Өзүңүздү кандай төрагамын деп эсептейсиз? Бул кызматтан кеткен соң кандай пландарыңыз бар?

— Мен төрагалыкка келгенди эле эмес, кеткенди да кошо ойлонуп жүрөм. 80ден ашуун эл өкүлүнүн добушу менен келдим, ишеним көрсөткөндөрүнө ыраазымын. Парламентти жетектеп туруп кайсы бир маселени чечүүдө мен кеткен соң ушул иш боюнча артымда жакшы сөз калса экен деп ар дайым ойлоп, аракет кылам. Менин кандай төрага болуп жаткандыгымды депутаттар айтсын. Өзүмдү мактагандан алысмын. Эгер бир кемчилик кетирип алсам, ар дайым мойнума алам, кечирим сурайм, аны дароо оңдогонго аракет кылам.

— Бир мыйзамдарды өткөрүү үчүн сизге акча сунуштап же коркуткан учурлар болду беле?

Жогорку Кенеш. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
— Мен эки чакырылышта депутат, учурда төрага болуп отурам. Кээде  "ушул маселени күн тарбине койбой эле койсоңуз" деген сунуштар болуп калат. Мен өз оюмду курч, тайманбай айтып көнгөм, мындай учурда да кескин жооп берип келем. Ал эми акча сунуштап "мыйзамды өткөрүп бер" же дагы башка маселени чечип бер деген суранычтар менен ушул күнгө чейин бет келишкен эмесмин. Мындай нерселерди болушуна жол бербейм.

— Сиздин бир кесиптешиңиз "мамлекеттин тышкы карызынан каалоочулар акча чогултуп, кутулуп коелу" деген пикирин билдирип чыкты, өзү да жогорку суммадагы акча бөлө турганын билдирди. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай? Жеке өзүңүз канча сумма которо аласыз?

— Ооба, Камчыбек Жолдошбаев мырза ушундай оюн билдирди. Мен бул багытта бергиле деп эч кимди үгүттөгүм келбейт, ошол эле учурда бербегиле дегенден да алысмын. Каалоочулар атайын ачылган эсепке акчасын которо берсе болот. Жогорку Кеңеш да өз кезегинде бир күндүкпү, бир айлыкпы, маянабызды которолу деп турабыз. Бул маселелер чечилет. Буга чейин дагы табият кырсыгына кабылган аймактарга же башка бир себептер менен муктаж болгон адамдарга бир күндүк айлык маянабызды которуп келебиз. Ал эми жеке атымдан мынча акча берүүгө даярмын деп да азыр айтпай эле турайын. Бул жерде эч ким милдеттүү эмес, кимдин каалоосу болсо которсо болот, мен да болушунча аракет кылам. Азыр биздин айрым аткаминерлердин жасаган туура эмес иштеринен улам ушундай жагдай түзүлүп отурат. Аны чечүү, кутуулуу милдети өкмөткө жүктөлгөн. Эл эч нерсеге милдеттүү эмес жана биз мамлекет башында турган кызматкерлер бул үчүн элден кечирим сурашыбыз керек.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков в ходе пресс-конференции по итогам четвертой сессии  Жогорку Кенеша Кыргызской Республики шестого созыва
© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул Оморов
Жумабеков: мен төрагалыкка келгенди эле эмес, кеткенди да кошо ойлонуп жүрөм

— Бакай-Ата районундагы "Үрмарал" кенин казууга жергиликтүү тургундар каршы акция өткөрүшүүдө. Сиз да бул кендин казылуусуна каршы пикириңизди билдирдиңиз эле?

— Ооба, бул боюнча учурда өкмөт иштеп жатат. Ал фирма лицензия алган экен, бирок кен казуу боюнча Кыргызстандын өзүнүн мыйзамы бар. Бул фирма мыйзамдарды сактабай, экологияга зыян келтирүү менен ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган экен. Эл өзү көрүп, бизге кайрылуу жолдоду. Тиешелүү органдар бул багытта иштеп жатышат. Мындан ары ал фирмага уруксат берилээр-берилбеси өкмөттүн түзгөн комиссиясынын жыйынтыгынан соң белгилүү болот. Менин жеке пикиримде мыйзамды сактабай, экологияга зыян келтирип жаткан кен казуучу фирмаларга уруксат бербөө керек.

— Жалпы журтка белгилүү академик, ортопед Сабырбек Жумабеков менен мамилеңиз кандай? Агаңыз менен канча убакытта бир жолугуп сүйлөшүп турасыз?

— Жүздөгөн адамдардын алкышына арзыган, миңдеген адамдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ушундай инсан менин бир тууган агам экендигине чынында сыймыктанам. Апабыздын жакшы бир сөзү бар. Ар дайым агама "сен алгач Кудайдын, андан соң элдин, анан менин баламсың. Ушуну унутпа" деп айтат. Чынында Орто Азияда, КМШ мамлекеттеринде жасалбаган операцияларды жасап, эл уулу болуп келет. Иш ордуна барып калганда кубануу менен келип, ыраазычылыгын билдирип жаткан адамдарды, кезек күткөн бейтаптарды көргөндө байкеме абдан ыраазы болом. Мага ушундай бир тууган берген жаратканга да рахмат.

— Сиздин спортко терең көңүл бурарыңызды билебиз. Спорт сиз үчүн эмне?

— Биринчиден ден соолук. Кеч болсо да калтырбай күндө спорт залга барганга аракеттенем. Спорт менен жеке өзүмдүн ден соолугумду эле чыңдап тим болбой, аз да болсо жаштарга стимул берем деп ойлойм.

372
Белгилер:
төрага, депутаттар, парламент, Жогорку Кеңеш, Дастанбек Жумабеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Дастан Жумабеков төрагалык ишмердүүлүгүнө ким баа берерин айтты
Жогорку Кеңеште оппозиция барбы? Төраганын жообу
Төрага парламенттин чыгымын ар бир депутатка бөлүү туура эместигин айтты