Ош шаарынын мэри 20 күндүн ичинде шайланат

Жазылуу
Буга чейинки мэр Айтмамат Кадырбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу орду бош калган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарынын жаңы мэрин шайлоо 20 күндүн ичинде өтөт. Ага чейин калаа башчысынын милдетин биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев аткарат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошко мэр болом дегендердин арасында Акаев менен Матраимов бар. Болжолдуу тизме
Ага ылайык, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрин шайлоо жөнүндөгү жобого ылайык, бош орун болору менен жаңы мэрди шайлоо 10 календардык күндүн ичинде белгиленет. Ал эми аймактык шайлоо комиссиясы 20 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө шайлоону дайындайт. Шаардык кеңештин депутаттарынын көбүнүн добушун алган талапкер мэр болуп шайланат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчи орун басарлыгына дайындалып, орду бошогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0