Сооронбай Жээнбеков Астанага учуп кетти

Жазылуу
Сапардын алкагында "Астана" эл аралык финансылык борборуна бараары пландалган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарынын 20 жылдыгына карата иш-чарларга катышуу үчүн Казакстандын борборуна учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков сапардын алкагында "Астана" эл аралык финансылык борборуна бараары пландалган.

Белгилей кетсек, Астана шаары 1998-жылдан тарта Казакстандын борбору аталган. Шаардын өзүнүн герби жана желеги бар. 2018-жылдын 1-январына алынган маалымат боюнча 1 миллион 35 миңден ашык киши жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0