Илмиянов Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетип, ордуна жаңы башчы келди

Жазылуу
Илмиянов өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 5-июлда Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын кезексиз съезди өттү. Анын жыйынтыгында федерациянын жаңы президенти болуп Жыргалбек Саматов шайланды. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Руководителем национальной сборной Кыргызстана по кок-бору Мыктыбек Туташев - Sputnik Кыргызстан
Мыктыбек Туташев: Манас Ниязов "Бойканы" көгөрүп отуруп саттырып алган
Ага ылайык, федерациянын буга чейинки президенти Икрамжан Илмиянов үй-бүлөлүк шартына жана ден соолугуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү чечкен.

Съездге 7 облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан жалпы 77 делегат катышкан.

Жыргалбек Саматов 6-чакырылыштын экс-депутаты, ал соттун чечими менен мандатынан ажыратылган. Депутат кош жарандуулугу бар деп айыпталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0