Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты

Жээнбеков, Назарбаев, Мирзиёев жана Рахмон Астанада. Сүрөт

235
(жаңыланган 14:28 07.07.2018)
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери "Астана" эл аралык финансы борборуна барышты.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты
    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк иш сапары менен барган
    Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк иш сапары менен барган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу Астана эл аралык финансы борборуна барды
    Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу "Астана" эл аралык финансы борборуна барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ал 5-июлда ачылып, ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү өткөн жерде жайгашкан
    Ал 5-июлда ачылып, ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү өткөн жерде жайгашкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган мааракеге катышты

Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк иш сапары менен барган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу "Астана" эл аралык финансы борборуна барды. Ал 5-июлда ачылып, ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү өткөн жерде жайгашкан. Борбор негизинен эл аралык финансы кызматтарын, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитраж, инвестиция тартуу, капитал рыногун өркүндөтүү, активдерди башкаруу жана жаңы технологияларды өнүктүрүү жаатында иш алып барат.

Сүрөттөн борбор менен таанышып жаткан президенттерди жана алардын жылмайып турганын көрүүгө болот.

Ошондой эле бүгүн Нурсултан Назарбаев 78 жашка чыкты. Жээнбеков казак лидерин туулган күнү менен да куттуктаган.

235
Белгилер:
Сүрөт, майрам, Сооронбай Жээнбеков, Астана
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков Астанага учуп кетти