Чүйдө "Атамбаеви жок КСДП" деген жыйын өттү. Партия ага жооп кайтарды

© © Фото / секретариат фракции СДПКЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга чогулгандар өлкөнүн бардык аймагында КСДПнын кезексиз жыйынын өткөрүп, Атамбаевди төрагалыктан кетирүү боюнча резолюция кабыл алышты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы КСДП партиясынын мүчөлөрүбүз деген жарандар жыйын өткөрүп, Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан түшүрүү маселесин карашты. Андан сырткары партиянын 31-мартта болгон акыркы съездине чакырылган делегаттар туура эмес тандалган, коррупция өлкөдө гүлдөп-өнүгүүдө, азыр жалаң прокурорлор пара менен кармалып жатат дешти. Бул боюнча социалдык тармакка жайгаштырылган видеодо айтылат.

Жыйынга катышкандар партиянын съездине Атамбаевдин өздөй кишилери гана чакырылып, ал мыйзамсыз түрдө төрага болуп шайланган деген пикирлерин билдиришти. Андан сырткары орун басарлыкка партияга мурда мүчө болбогон Сапар Исаковду шайлап алышы да партиянын уставына жооп бербейт дешкен.

Мурунку президент Курманбек Бакиев и жана экс-премьер-министр Феликс Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
Видеодон чогулгандардын партияны тазалоо учурдун талабы болуп жатат деп айтышканын көрүүгө болот. Алар Кыргызстандын бардык аймагында КСДПнын кезексиз жыйынын өткөрүп, Атамбаевди төрагалыктан кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну боюнча резолюция кабыл алышты.

Ал арада Кыргызстан социал демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Беловодское айылында болгон жыйын мыйзамсыз экенин айтты. Партиянын аймактагы жыйындарын өткөрүү үчүн райондук координатору же КСДПнын катчылыгы менен макулдашуу болбогонун кабарлады. Андан сырткары, партиянын райондогу бөлүмдөрү бир канча жыл мурда жоюлуп кеткен деген маалымат берди.

Жолдубаева учурда бийликке жагыныш үчүн керек болсо энесин сатууга даяр болгондор бар деген пикирин айтты.

"Айрым кишилер КСДПга бийлик, мансап үчүн келишкен. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов "Ар-Намыстан" келген. КСДПдан Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен Жогорку Кеңешке депутат, губернатор жана "Кыргызалтындын" ишканасынын жетекчи орун басары болуп иштеди. Тилекке каршы, Москва районундагы КСДПнын мүчөлөрүнүн арасында "ушундай экземплярлар" бар. Азыр аларга бир нерсе жасап беребиз деп сөз беришкен, ошону аткарып жатат", — деди Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын катчылыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен жолугушууга КСДПнын кайсы депутаты келген жок. Жыйындын сүрөттөрү
Партиянын расмий өкүлү ошондой эле Атамбаев буга чейин айткандай "КСДПнын катары бийлик жана кызмат үчүн келгендерден тазаланып жатканын" кошумчалады.

Жолдубаева, андан сырткары, Москва районунда партиянын билетин алган болгону 80 киши бар экенин белгиледи.

Эске салсак, июнь айынын башында КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абрахманов партия жакында чукул жыйынга чогулуп, анда Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан алуу маселеси карала турганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0