Абылгазиев: милдетиңерди аткара албасаңар мамлекеттик кызматта орун жок

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловОтчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК
Отчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы министрлерден, ведомство жетекчилеринен долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти кол алдындагыларга жүктөөнү токтотууну талап кылган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорун мындан ары создуктурууга укугубуз жок. Жетекчилер, коюлган милдеттерди аткара албасаңыздар, анда сиздерге мамлекеттик кызматта орун жок. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев бүгүн "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу жана "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара иштешүү тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Өкмөт башчы министрлерден жана ведомство жетекчилеринен долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти кол алдындагыларга жүктөөнү токтотууну талап кылган.

"Санариптик өнүгүү боюнча эч кандай орун басарлар болбошу керек. Мамлекеттик органдын берилген тапшырмалардын ар бир пунктунун аткарылышына жеке жоопкерчилик алган жетекчиси гана болот", — деген Абылгазиев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жалданма уюмду тандоо үчүн сынак үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин жарыяланарын маалымдаган.

Комплекс автофиксации нарушений ПДД в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Көчөлөргө камера койдук дейли. Андан кийин ойлондурчу 8 жагдай
"Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеменин алкагында келишимди аткаруу шарты катары 38 кесилишти, 52 стационардык чектеги эреже бузууларды жазып туруучу камералар менен камсыздоо каралган. Ошондой эле 32 чекти көчмө аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу зарыл", — деген Шаршембиев.

Келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздаган сумманын көлөмү кескин жогорулатыларын кошумчалады.

Абылгазиев мындай жол менен ар кандай ишенимсиз жана финансылык жактан мүмкүнчүлүгү аз компаниялардын катышып калуу ыктымалдыгын болтурбоону сунуштаган.

"Кепилдик суммасы бир нече миллион долларды түзүшү керек. Муну менен биз долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда жетиштүү финансылык ресурстарга жана тажрыйбага ээ татыктуу инвесторлорду тарта алабыз", — деди премьер-министр.

Буга чейин чет элдик эки эл аралык уюм "Коопсуз шаар" жана "Digital CASA" долбоорлорун ишке ашырууга жигердүү катышууга кызыкдар экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0