Бакыт Дүшембиев Бишкек шаарын убактылуу башкарып турат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекВице-мэр города Бишкек Бакыт Дюшембиев
Вице-мэр города Бишкек Бакыт Дюшембиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңеш мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөткөн жок.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Бакыт Дүшембиев аткарат. Ал мэр Албек Ибраимов 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө кеткенден кийин эле ордунда иштей баштаган.

Мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимов ага козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берди
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңештин 45 депутатынын 40ы кезексиз жыйынга чогулуп, калаа башчысы Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөткөн жок.

Шаардык кеңеш өз чечимин токтом менен бекитип, документ өкмөт башчысына жөнөтүлмөй болду.

Мыйзам боюнча премьер-министр шаардык кеңештин токтому менен макул болуп мэрди мөөнөтүнөн мурда бошотушу мүмкүн, ошол эле учурда аны кабыл албай коюуга да укуктуу.

Эске салсак, Албек Ибраимов Бишкек мэри болуп 2016-жылы 27-февралда шаардык кеңештин кезексиз жыйынында шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0