Ээрден оогон Албек Ибраимовдун эмне байлыгы бар? Декларация

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысы Албек Ибраимов кызматтан четтетилди.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов 2016-жылы негизги кызмат ордунан 735 миң сом иштеп такан. Андан тышкары, айыл-чарба продукцияларын сатуудан 3,5 миллион сом пайда көргөнүн көрсөткөн. Бирок турак жайы жана унаасы жок.

Вице-мэр города Бишкек Бакыт Дюшембиев - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Дүшембиев Бишкек шаарын убактылуу башкарып турат
Ал эми жакын тууганы жарандык-укуктук келишимдерден 4,9 миллион сом, айыл-чарба продукцияларын сатуудан 5 миллион сом киреше көргөн. Ошондой эле ал 2014-жылы чыккан Toyota RAV 4 унаасына жана ЖЧКнын 100 пайыз акциясына ээлик кылары айтылат. Мындан тышкары, жакын тууганына жалпы аянты 97,84 гектарга жеткен 30 жер тилкеси тиешелүү экени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, бүгүн, жума күнү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берип, мэрди кызматынан четтетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0