Бишкек шаарынын мэри качан шайланары аныкталды

Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы премьер-министрдин Албек Ибраимовду мэрлик кызматтан бошотуу боюнча буйругун 20-июлда алган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди 8-августта шайлай турган болду. Мындай чечим Боршайкомдун кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду камакка алуу чечимин чыгарды - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимовду сот залынан кантип алып кетишти. Видео
Борбордук шайлоо комиссиясы премьер-министрдин Албек Ибраимовду мэрлик кызматтан бошотуу боюнча буйругун 20-июлда алган.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөгөндүктөн 13-июлда кызматтан алынган.

Ал эми 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин деп аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Ибраимов ТНК "Дастан" ишканасынын айланасындагы коррупцияга тиешеси бар деп айыпталууда. УКМК 23-июлда мурдагы мэрге карата жаңы кылмыш ишин ачты.

Жаңылыктар түрмөгү
0