Бишкек мэриясы. Архив

Бишкек шаарынын мэрлигине кимдерди түртмөлөп жатышат? Тизме

2167
(жаңыланган 16:39 24.07.2018)
Борбор калаанын мэри 8-августта шайланмакчы.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары калаа башчысын 8-августта шайлай турганы белгилүү болду.

Буга чейинки мэр Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүп, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду мэрликтен кетирүү боюнча буйрукка кол койгон. Дал ушул эле күнү Ибраимов УКМК тарабынан кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Жалпысынан алганда Ибраимовдун төрт кылмыш ишине тийиштиги бар экени атайын кызматтар тараткан билдирүүдө айтылат.

Талапкерлерди кимдер сунуштай алат?

"Бишкек шаарынын статусу жөнүндө" КРдин мыйзамынын 23-беренесине ылайык, мэр болууга талапкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялардын коалициясы жана премьер-министр көрсөтүүгө укуктуу.

Ошол эле берененин 4-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Кимдер мэр боло алат, кимдер боло албайт?

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бишкек шаарынын статусу жөнүндө" КРдин мыйзамынын 22-беренесине ылайык жогорку билими бар, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда жетекчи болуп 5 жылдан кем эмес иштеген, кыргыз тилин эркин билген Кыргызстандын жараны мэр болууга укуктуу.

Ал эми мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаган (соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан) жарандар талапкер боло албайт. Ошондой эле чет элдин жараны мэр болуугу укугу жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы 23-июлда саат 18:00гө карата бир дагы жарандан мэрликке талапкер болуу үчүн арыз келип түшпөгөнүн билдирди.

Сүрөөнү күчтүүлөр

Ал ортодо социалдык тармакта Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болчулардын аттары аталып, айрымдарын түртмөлөп жатышат. Калаа башчылыгына татыктуу делгендердин арасында мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев, Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Сыдыков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мурдагы транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев жана коомдук ишмер Жамалбек Рысалиев бар.

Интернет колдонуучулар мэрликке кимдер аттана турганын болжолдоп жатышат.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков бар.

Айрым колдонуучулар  Сыдыков жаштарды колдой турганын жазышты.

Жамалбек Рысалиевдин мэрликке татыктуу талапкер дегендер да пикирлерин жазышууда.

Рысалиев 2015-жылы Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына талапкер болгон.

2167
Белгилер:
шайлоо, Бишкек мэриясы, Жамалбек Рысалиев, Бактыбек Сыдыков, Алмаз Кененбаев, Темир Сариев, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкектин жаңы мэрин шайлоо — 2018 (17)
Тема боюнча
Бишкек шаарынын мэри качан шайланары аныкталды
Премьер-министр Албек Ибраимовду мэрликтен кетирүү буйругуна кол койду