Бишкектин мэри ким болот? Коалиция талапкерди сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы депутат Азиз Суракматовдун талапкерлигин борбор калаанын мэрлигине көрсөтүүнү чечти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

Бүгүн көпчүлүк коалициянын  жыйыны болду.

"Суракматов мэриянын аткаруу кызматында иштеген. Депутат болгондуктан, Бишкек шаардык кеңешинин ишин ичинен билет. Кыскасы, бул адам сырттан эмес, муниципалдык кызматтан келген адам", — деди шаардык кеңештин төрагасы. 

Кененбаев премьер-министр менен оппозициялык фракциялар мэрликке талапкерди азырынча көрсөтө электигин кошумчалады. 

Мэрди шайлоо 2018-жылдын 8-августуна белгиленген. 

Мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов шаардыктарга берген убадасын аткардыбы?
Буга чейинки мэр Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүп, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду мэрликтен кетирүү боюнча буйрукка кол койгон. Дал ушул эле күнү Ибраимов УКМК тарабынан кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Жалпысынан алганда Ибраимовдун төрт кылмыш ишине тийиштиги бар экени атайын кызматтар тараткан билдирүүдө айтылат.

Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0