Данияр Үсөнов Даниил Урицкийге айланып, Белоруссияда бизнесин гүлдөтүп жатабы?

© AFP / JACQUESCOLLETВице-премьер-министр КР Данияр Усенов
Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үсөновго окшогон адам башкарган корпорация 2016-жылы Белоруссияда президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өтүп бара жаткан жумада Белоруссия бийлиги Руденсктин жанында жогорку технологиялык өндүрүштүн курулуш иштери башталганын жар салды. Бул тууралуу жергиликтүү Tut.By сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал жерде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал тукумун асылдаштыруу боюнча ишканалар, биотехнологиялык илимий-практикалык борбор жана кызматкерлерге турак жай курулмакчы. Курулуштун аянты 160 гектар.

Мурунку президент Курманбек Бакиев и жана экс-премьер-министр Феликс Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
Муну Белоруссия менен Кытай биргелешип ишке ашырып жаткан долбоор десек болот. Анткени аны “Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы”  (БУБК) деп аталган ЖАКы демилгелеп, каржылап, Кытайдын CITIC компаниясы кураган жатат. Баса, БУБК долбооруна 700 миллион доллар сарптап, курулуп бүткөндөн кийин жылына 100 млн. доллардан киреше көрүүнү пландап жатат. Ошондой эле бул жерде миң адам жумуш менен камсыз болору айтылган.

Эң кызыгы, ушундай ири масштабдагы долбоорду ишке ашырып жаткан БУБКтун жетекчиси Даниил Урицкийди Тut.Вy басылмасы Кыргызстандан качып кеткен кадимки экс-өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош деп жазды.

“Иш-чаранын уюштуруучулары Урицкийдин журналисттерге комментарий бербей турганын айтты. Ошондой эле алар директорун  Даниил Тимурович Урицкий катары гана тааный турганын кошумчалашты”, — деп жазылат макалада.

Ушул эле сайттын маалыматына караганда, Урицкий башкарган компаниянын май айындагы уставдык капиталы 10 миллион доллар болчу.

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акцияда Үсөнов да  качып кеткен.

Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Беглилей кетсек, Белоруссияда экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0