Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

525
(жаңыланган 13:01 01.08.2018)
Исаков "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү боюнча баш коргоо чарасын карап, аны 5-октябрга чейин узартуу чечимин чыгарды.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, тергөө амалдары 13-октябрга чейин созулат. Жактоочу беш күндүн ичинде райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко доо арыз менен кайрыларын кошумчалады. 

Буга чейин Жогорку сот Исаковду 5-августка чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынганын маалымдаган.

Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына мурдагы премьердин 30дай жактоочусу келди. Алардын ичинде Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева, жубайы Малика Исакова да бар. Андан сырткары, Исаковдун мурдагы кеңешчиси Гүлнур Төралиева жана маалымат катчысы Урмат Кабылова да жүрдү.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирилген.

525
Белгилер:
Биринчи Май райондук соту, Сапар Исаков, Бишкек
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (30)
Тема боюнча
Колуна кишен салынган Сапар Исаковду сот залына алып киришти. Видео
Жогорку сот: Сапар Исаков 5-августка дейре камакта болот