Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алынган мүлкүнүн тизмеси

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловКыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-өкмөт башчы учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-берененин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Сатыбалдиев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө тийиштүү мүлк:

— 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz Б500 үлгүсүндөгү унаа;

— 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz 500 үлгүсүндөгү унаа;

— 2008-жылкы Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа;

— Бишкек шаарындагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак жай.

Сатыбалдиевдин уулу Жоомарт Сатыбалдиевге тийиштүү мүлк:

— Ош шаарындагы "Анар" кичи районунда жайгашкан дүкөн;

— 2015-жылы чыккан Toyota Camry унаасы.

Сатыбалдиевдин уулу Исламбек Сатыбалдиевге тийиштүү мүлк:

— Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы сегиз жер участогу;

— Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи районундагы турак жай;

— МАЗ 6303-020 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес);

— МАЗ 6422 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес).

Сатыбалдиевдин дагы бир уулу Кубат Жантөрө уулуна караштуу мүлк:

— 2006-жылы чыккан Lexus EC-350 үлгүсүндөгү унаа;

— 2008-жылы чыккан Mercedes-Benz OEK280 үлгүсүндөгү унаа;

— 2006-жылы чыккан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа;

— 2003-жылы чыккан МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа;

— 2006-жылы чыккан КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа.

Жубайы Канышай Турдукеевага тийиштүү мүлк:

— Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүк имарат;

— Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батир жана гараж;

— 2004-жылкы Lexus RX330 үлгүсүндөгү унаа;

— 1993-жылкы BMW 325 үлгүсүндөгү унаа;

— 2005-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа.

Жаңылыктар түрмөгү
0