Галстук тагынган адам. Архив

Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар

4154
(жаңыланган 14:59 20.11.2018)
,
Бири элчи, экинчиси депутат, үчүнчүсү айыл өкмөт башчысы... Булар бир кездеги аткаминерлер жана азыр бийлик бутагында отурган саясатчылардын уул-кыздары.

Албетте алар жөнүндө укканда айрымдарда "атасынын арты менен жүрөт да" деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок биз тизмектеген адамдардын кимиси өз эмгеги менен кызматка жеткенин же кимиси атасын "трамплин" кылганын так айта албайбыз.

Исхак Масалиев

Депутат Жогорку Кенеша VI созыва Исхак Масалиев на круглом столе по вопросу введения поправок в Конституцию
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Исхак Масалиев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, айтылуу Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев атасы негиздеген партияны жетектеп калган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Айсулуу Мамашова

Депутат ЖК 6 созыва от партии Кыргызстан Айсулуу Мамашова на заседании. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айсулуу Мамашова, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты

Жоюлуп кеткен Туризм агенттигинин экс-директору Турусбек Мамашовдун кызы Айсулуу Мамашова жаштыгына карабай эл оозуна эң көп алынган депутаттардын бири. 2015-жылы парламенттин VI чакырылышына "Ата Мекен" фракциясы менен депутат болуп келген.

Элвира Сурабалдиева

Депутат от фракции СДПК Эльвира Сурабалдиева на первом заседании 6 созыва ЖК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Элвира Сурабалдиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты

Ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган Жыргалбек Сурабалдивдин кызы Элвира Сурабалдиева 26 жашында атасынан калган "Кудайберген" базарын башкара баштаган. Учурда Элвира айым парламенттин депутаты.

Аскарали жана Бакыт Төрөбаевдер

Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции Онугуу — Прогресс. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору Эргеш Төрөбаевдин уулдары Аскарали менен Бакытты дагы мамлекеттик жогорку кызматтардан көрүүгө болот. Аскарали Төрөбаев Финансы полициясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Мындан ташкары, Мамкатоо кызматына 2010-жылдардан кийин жетекчи болууну көздөп, бирок депутаттардын добушун ала албай калган. Иниси Бакыт Төрөбаевдин кызматтык бактысы көбүрөөк экен. 2009-10 жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп, Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болуп шайланган.

Руслан Бекназаров

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун улуу баласы Руслан Бекназаровдун аты коомчулукка таанымал. Ал учурда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүн жетектейт. Буга чейин КР Акыйкатчы аппаратында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштеген. Ошондой эле Тышкы иштер министринин жардамчысы, Япониядагы кыргыз элчилигинде атташе кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин депутаттыгына БЭК жана "Республика — Ата-Журт " партияларынын катарында талапкер болгон.

Марлен Маматалиев

Депутат Жогорку Кенеша от партии Республика – Ата Журт Марлен Маматалиев
© Фото / пресс-служба ЖК
Марлен Маматалиев, "Республика — Ата-Журт" фракциясынан ЖК депутаты

"Республика – Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке ушул жылдын март айында депутат болуп келген Марлен Маматалиев мурдагы вице-премьер Абдрахман Маматалиевдин уулу. Депутаттыка чейин ал бир катар министрлердин кеңешчиси жана жардамчысы болуп иштеп, бир нече жеке ишкананы башкарган.

Жумабек Салымбеков

Архивное фото генерального директора рынка Дордой Жумабека Салымбекова
© Фото / Азамат Ражапов
Жумабек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек — КСПД фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ошондой эле ал "Дордой Базарынын" генералдык директору.

Атабек Абжалиев

Эксперт в отделе международного сотрудничества аппарата правительства КР Атабек Абжалиев
© Фото / Studio EK
Атабек Абжалиев, КР өкмөтүнүн эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кызматкери

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Ушул тапта өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштейт. Баса, Атабек Абжалиев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.

Кубат Жантөрө уулу

Учурда коррупция беренеси боюнча шектелүүчү катары абакта жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат секторунун адиси.

Бакытбек Сыдыков

Бир кездеги кадырлуу саясатчылардын катарын Үсөн Сыдыков дагы толуктаган. Ал Бакиевдин президенттик аппаратын жетектеген. Азыр уулу Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты. Буга чейин "Манас" аба майданын башкарган.

Данияр Мукашев

Посол Кыргызстана в Швейцарии, постоянный представитель при ООН и других международных организациях в Женеве Данияр Мукашев
© Фото / пресс-служба МИД КР
Данияр Мукашев, КРдин Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү

Айтылуу банкир жана экс-депутат Муратбек Мукашевдин уулу Данияр Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенип келе жатат.

Элгиза Раева

Мурдагы маданият министри, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раевдин улуу кызы Элгиза Раева өкмөт аппаратынын адиси.

Аман Кармышев

Өкмөттүн эл аралык кызматтыштык бөлүмүнүн протокол секторунун референти Аман Кармышевдин атасы президент менен өкмөттүн иш башармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев.

Канат Керимкулов

Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн мониторинг секторунун башчысы Канат Керимкулов ЖКнын мурдагы депутаты, Дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-директору Айдарбек Керимкуловдун баласы.

Бакыт Каниметов

Мурдагы депутат, Билим бирүү министринин экс-орун басары Жангороз Каниметовдун уулу Бакыт өкмөт аппаратынын Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн адиси.

Расул Төлөнов

Экс-парламентарий Арапбай Төлөновдун уулу Расул министрлер кабинетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол секторун жетектейт.

Улукбек жана Бакытбек Мариповдор

  • Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы
    Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Бакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы
    Бакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы

Парламенттин эки жолку депутаты, азыр Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун эки уулу мамлекеттик кызматта. Биринчиси — Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы. Алмазбек Атамбаев президент кезде ага жардамчы болгон. Кичүүсү — Бакытбек Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өтмөтүн башкарат.

Элеонора Исакова

Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Элеонора Исакова мурдагы коргоо министри, парламент депутаты Исмаил Исаковдун кызы.

Медер Өтөбаев

Атасы белгилүү композитор, КР Эл артисти жана бир кездеги президенттик аппараттын кызматкери Шамшыбек Өтөбаев. Уулу Медер учурда өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

4154
Белгилер:
ата-бала, саясат, Кыргызстан
Тема боюнча
Тележылдыз, профессор, ишкер. Эл башындагы саясатчылардын жубайлары эмне иш кылат
Кыз алышып-беришкен саясатчы кудалар. Депутаттардан президенттерге чейин
Вакцина против новой коронавирусной инфекции впервые в мире зарегистрирована в России 11 августа. Вакцина против коронавируса Центра им. Гамалеи показала высокую эффективность и безопасность по результатам клинических исследований. Изображение является раздаточным материалом, предоставлено третьей стороной. Только редакционное использование. Запрет на архивирование, коммерческое использование, рекламную кампанию.

Россиянын вакцинасын жок кылуу далалаты: чоң саясаттагы чакан "келишим"

194
(жаңыланган 15:52 20.09.2020)
Коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуудагы РФтин лидерлиги Батыш үчүн жагымсыз күтүлбөстүк гана эмес, саясий да, каржылык жактан да кыжыр кайнаткан чакырык болду.

Алардын оюнда, биринчиден, демократиядан оолак Россия татаал илимий жана технологиялык жактан алдыга озгон тармактарда мындай ачылыш жасоого акысы жок. Экинчиден, көз кычыштырган олжо жатат мында. Ал батыштагы фармацевтикалык концерндерден кыйгап өтөрү туурасындагы кымындай эле ой аларды түйшөлтүүдө. Кесиптешибиз Ирина Алкснис вакцинанын тегерегиндеги саясатка сереп салган.

Индияны жүз миллиондогон доза менен жабдуу боюнча келишимдин эле наркын айтыңыз! Россия окумуштууларынын ишинин жыйынтыгын жок кылуу аракетине тушукканына таң калыштын деле кажети жок. Чоң саясат, чоң акча...

Батыш вакцина жарышынан эмнеге утулууда. Саресеп

"Спутник-V" вакцинасы тууралуу макала дүйнөдөгү эзелки жана таасирдүү медициналык The Lancet журналына жарыяланары менен сынга кабылды. Дүйнөлүк маалымат каражаттарын дүң кылган жаңылык америкалык Темпл университетинин биология профессору Энрико Буччинин ачык каты болду. Анын "россиялык изилдөөчүлөр тарабынан ката кетирилген болушу мүмкүн" деген оюн эки жүз элүүдөй батыш окумуштуулары колдоп кетти.

The Lancet россиялык вакцина жасоочуларды берилген суроолорго жооп берүүнү сунуштаган. Гамалея атындагы борбор аталган басылмага "Спутник-V" вакцинасын изилдөөнүн толук клиникалык протоколун берген.

Россиялык түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сынчылардын негизги дооматтарына аргументтерди келтирип, "өз баштарындагы төөнү көрүүгө" кеңеш берип, өздөрү тарабынан иштелип чыккан вакциналар туурасындагы шек саноолорго да жооп берүүнү өтүнгөн.

Би-Би-Си материалында Энрико М.Буччи "жалган илим менен белгилүү күрөшчү" деп аталган. Бирок мында "илимдеги бизнесмен" деген мүнөздөмөнү пайдалануу туурадыр.

Өз башындагы төөнү көрбөй... Россиялык вакцинанын сынчыларына жооп

2016-жылы Буччи илимий иштердин тууралыгын жана чындыгын текшерүүгө адистешкен Resis Srl компаниясын негиздеген. Бул заманбап илимде модага айланган тема.

Соңку жылдары изилдөөчүлөрдүн эмгектери, жарыяланган макалалардын одоно каталарын көп табышчу болду. Кеп кыянаттык же алдамчылык жөнүндө эмес, көбүнчө чындап эле катачылыктар кетип калат. Бул аныкталганда окумуштуулардын, ал түгүл бүтүндөй илимий институттардын беделине доо кетирет. Мындай көйгөйлөргө жол бербөө үчүн автор жана изилдөөчү структуралар эмгектерин жарыялардан мурун көз карандысыз аудиттерге – ушундай иштерге адистешкен фирмаларга көп кайрылышат.

Атап айтканда, Буччинин компаниясы ушул ишмердик үчүн германиялык Фриц Липман институту тарабынан жалданган. Бир убакта институттун жарыяланган эмгектериндеги чоң каталардан улам ызы-чуу чыккан. Ошол окуя жөнүндө бир жыл мурун Nature журналы кеңири баяндаган.

Мындай бизнес айрым этикалык чектөөлөрдү коет. Айтмакчы, муну профессор Буччи деле жакшы билет. Ошол эле Nature журналында былтыр декабрда ал теңата автордук кылган илимий иштин тазалыгына жана чынчылдыгына арналган макала чыккан. Анда Энрико М.Буччинин бул иште кызыкчылыктары каршы келип калышы ыктымал деп ачык жазылган.

Беларусь, вакцина, саясат. Путин кенен маек берди. Видео

Батыш Буччинин ачык катын (өзүн-өзү жарнамалоо) россиялык окумуштууларга кезектеги соккусун уруп, кеминде эле алардын лидерлигин чабалдатуу үчүн колдонду. Ал эми профессордун өзүнө бул кадамы пиар болду. Мындан кийин ага жаңы жагымдуу коммерциялык келишимдерди алып келиши мүмкүн. Бирок мындай "хайптын" негизи илимге, медицинага, атап айтканда, бүт дүйнө боюнча жүз миңдеген өмүрлөрдү сактоого тиешеси жок.

194
Белгилер:
Окумуштуулар, Батыш, Россия, вакцина, коронавирус
Тема боюнча
Трамп коронавируска каршы вакцина даяр болуп калганын жар салды
Эскертүү! Сасык тумоого каршы бекер вакцина калктын 13 пайызына гана жетет
Россия  тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин. Архив

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

92
(жаңыланган 18:20 19.09.2020)
Сентябрда Россиянын Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоолорго байланышкан кылмыштарды иликтөөчү бөлүм ачылды.

Өзүнчө бир бөлүм эмнеге түзүлдү? Анын зарылдыгы, мындай иштерди иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде? Тергөөчүлөр кандай билимге ээ болууга жана Россия аскердик даңк белгилеринин чет өлкөдө кордолушуна эмнеге жол бербөөгө тийиштигин Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигине курган маегинде кеңири токтолгон.

— Александр Иванович, жакында эле Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоого байланышкан кылмыштарды иликтей турган жаңы бөлүм түптөлдү. Бул жаңылык маалымат каражаттарында жана социалдык медиада кызуу талкууну жаратты. Мындай бөлүктүн түзүлүшүнө эмне түрткү болду?

— Белгилүү болгондой, Нюрнберг аскердик трибуналы Экинчи дүйнөлүк согуштун себептерин баалоодо маанилүү баскычка айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун тутанышына жана жүрүшүнө жооптуу болгон негизги улутчулдардын жоруктары кылмыштуу деп табылганын эч ким эстен чыгарбоосу абзел.

Анткен менен бүтпөгөн маалымат согушунун шартында өлкө ичинде да, тышта да улутчулдукту калыптандыруу аракеттери арбып барат. Ошондой эле фашизмди жеңүүдөгү РФтин ролу бурмалана бааланып жатканына күбөбүз.

Адилеттүүлүктү калыптандыруу максатында мындай көрүнүштөргө каршы туруу боюнча ишмердикти активдештирүү зарыл. Коомубуздун Мекен коргоочуларынын элесин урматтоого жана тарыхый чындыкты мыйзам менен коргоого умтулуусу эми РФ Конституциясында бекитилди.

— Азыр андай жоруктар кандай жазаланат?

— Улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү (РФ 354.1-бер.) Россиянын Кылмыш кодексинин беренелеринин жоболору эми улутчулдук символиканы жана фашизм идеологиясын жайылтууга аракет кылгандарга карата колдонулат.

Жапжаңы, мисалы, онлайн "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүнө биздин реакциябыз: Россиянын бир катар субъектилеринин тургундары интернет сайттарга улутчулдардын жана Мекендин саткындарынын сүрөттөрүн жарыялашкан.

Кылмыш иштеринин бир бөлүгү аягына чыгып баратат, айрым фигуранттардын иши сотко өткөрүлгөн. Алардын бири, Перьм калаасынын жашоочусу Даниил Симанов соттолуп, 200 сааттык милдеттүү иштерге тартылды. Сот тарабынан берилген бул жаза кылмыштын коом үчүн кооптуу экенине толук жооп берет. Муну Симановго чыгарылган өкүм айгинелеп турат. Ошол себептен, жазык мыйзамынын бул жобосунун кандайдыр жазалоо инструменти катары колдонулушу айрым билдирүүлөр жана концлагерлер менен маңызы жок салыштыруулар баш катырат.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

— Мындай кылмыштарды иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде?

— Кылмыштын бул курамында баары айдан ачык жана жөнөкөй туюлат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Жөнөкөйлүктүн аркасында өз спецификасы жатат. Кылмыш жасоо жагдайларын аныктоодо тарыхый окуяларга карата тигил же бул айтылган сөздүн шайкешсиздик фактысы гана келтирилбейт.

Кеп адамдын кылмышка себебин жана мыйзамга жат аракеттеринин максаттуулугун, ошондой эле кылмыш курамынын объективдүү тарабын аныктоодо. Бул учурда ал СССРдин ишмердиктери тууралуу атайылап жалган маалыматтарды таратуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү берене боюнча алдын ала тергөөнүн айрым өзгөчөлүктөрү, анын спецификасы, ошондой эле иштелип чыккан иликтөө тажрыйбасы Тергөө комитетинде обочолонгон бөлүктү түзүү зарылдыгын жаратты. Өзүнчө иликтенген фактылардын эл аралык мүнөзү да жөндөмдүүлүк жана билимдин топтомун талап кылат. Кейиштүү, бирок бул көйгөй курчуп барат.

— Тарыхты терең талдоону талап кылган оор кылмыштар да болушу мүмкүн эмеспи. Сиздердин кызматкерлер мындайды иликтей алышабы?

— Жаңы бөлүктүн курамына Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү кирет. Ушундай кылмыштарды иликтөөдө алардын тажрыйбасы бар. Бул кызматкерлер, атап айтканда, юриспруденция, эл аралык укук жаатында гана тургай, тарых боюнча да кеңири билимге ээ.

Алар согуштук жана согуштан кийинки архивдик материалдардын чоң көлөмүн талдап, улутчулдардын кылмыштарындагы башка кылмыш иштерин иликтеп, зарыл учурларда окумуштуулардын да жардамын алышкан.

Мындан тышкары, бул иштер боюнча тийиштүү соттук, анын ичинде тарыхый экспертизаларды жүргүзүүнү камсыздайбыз. Дүйнөлүк деңгээлде аныкталган жана таанылган тарыхый фактылар боюнча лексикалык түзүлүшүн баалоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул иш толугу менен кылмыштын бөлүштүрүүчү белгилерин аныктоого багытталат. Ансыз кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.

Тергөөчү Нюрнберг аскердик трибуналынын чечимине негизделген эл аралык укуктун жоболоруна таянат. Анан, албетте, бул жаатындагы иш жарандардын илимий-тарыхый ишмердигине эч кандай таасир этпейт.

Улутчулдарды баатырга айлантуу, алардын адамзатка каршы кылмыштарын кубаттоо, элдин мурасын каралоо (кылмыш жазасына тартылчу иш) – өзүнчө кеп, ал эми негизделген илимий ишмердик жүргүзүү – бөлөк сөз.

Кылмыштарды иликтөөдөн сырткары, жаңы бөлүк координациялык борбордун ролун аткарып, кылмыш иштерин иликтөөдө аймактык тергөө органдарына методикалык-аналитикалык жардам көрсөтөт. Ошону менен катар тергөөчүлөрдүн ишмердиктин бул багытындагы тажрыйбасы жалпылаштырылып, мындай фактыларды баалоодо бекемделген укуктук ык-амалы камсыздалат. Иштин бул багыты менен катар башка кылмыштарды иликтөөлөргө байланышкан артыкчылыктарыбыз мурдагыдай эле көңүл чордонунда каларын белгилей кетейин.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

— Башка мамлекеттерде да улутчулдук идеологияны жайылтууга байланышкан мындай кылмыштар жазык мыйзамы менен каралабы?

— ФРГ Кылмыш кодексинде конституцияга каршы келген уюмдардын үгүттүк материалдарын таркатуу боюнча жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Ошону менен бирге эле квалификациялоочу белгиси "улутчулдук-социализм идеологияларына байланышкан мазмундагы" материалдарды жайылтууга күчөтүлгөн жоопкерчиликти аныктайт.

Израилде кыргынды танууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Беларусь Республикасында улутчулдукту калыптандыруу аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Айтмакчы, ушул тапта Людвигсбургдагы ФРГнын жер юстициясы башкармалыгынын борбордук мекемеси менен кызматташтык жолго коюлууда. Бул кызматташуу мындай кылмыштарды иликтөө боюнча кошумча импульсту берет. Ошол эле учурда Литва, Латвия жана Эстонияда СС бөлүктөрүнүн мурдагы аскер кызматкерлеринин уюмдары кубатталып жатканына күбөбүз. Алардын ишмердигин кезегинде Нюрнберг аскердик трибуналы кылмыштуу деп тааныган. Украинада мектеп окуучуларын жай калкты массалык өлтүрүүгө тиешеси бар улутчулдардын мүрзөсүнө гүлчамбар коюуга алып барышат. Гитлердик Германия менен кызматташкандарды баатыр кылып даңазалашат.

Европада реваншисттер жана неоулутчулдар баш көтөрүүдө. Атап айтканда, алар Австрия, Италия, Испанияда активдешүүдө. Азырынча андай көрүнүштөр бул өлкөлөрдүн жетекчилигин чочулатпайт көрүнөт. Бирок кийин алар коомдун аң-сезимине жаман таасир этиши мүмкүн.

— Чет өлкөлөрдөгү окуялар Россияга кандайдыр таасир эте алабы?

— Улутчулдукту калыптандыруу аракеттери жана Россиянын аскердик даңк символдорун кордоо чет жерлерде да катталууда. Азыркы жазык мыйзамы бизди андай кылмыштарга чара көрүүгө милдеттендирет.

Тергөө комитети Улуттук эстелик украиналык комитетинин төрагасы Владимир Вятровичке карата ишти иликтөөнү улантууда. Ага "октогу" европалык өлкөлөрдүн негизги аскердик кылмышкерлердин соту жана жазалоо үчүн Эл аралык аскердик трибунал чыгарган өкүм менен аныкталган фактыларды системалуу түрдө танышы боюнча айып тагылган. Латвия Республикасынын жараны, "СС Латыш легионунун" ардагери Висвалдис Лациске карата алдын ала иликтөө жүрүүдө.

2017-жылдын ноябрында Ригада анын авторлугу менен "Акыйкат жарыгындагы Латыш легиону" китеби чыккан. Анда "СС Латыш легионунун" полициялык батальону тарабынан жасалган тынч тургундарга каршы аскердик кылмыштарды Лацис туура деп баалаган.

2020-жылдын апрелинде Лацис көз жумду, бирок фигуранттын өлүмүнөн улам кылмыш иши жакын туугандарынын макулдугу менен гана токтотулат. Ошентип, кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Быйыл Чехияда Советтер Союзунун Маршалы Иван Коневдин эстелигин кулатуу фактысы боюнча иш козголуп, иликтенүүдө. Ал Россиянын аскердик даңк символдорунун бири болуп саналат.

Жакында эле дагы бир ошондой эстеликти кордоо фактысы Литва Республикасынын Жежмаряй калаасында катталды. Шаарды куткарууда шейит болгон кызыл армиячылардын топ мүрзөсүнүн жанындагы Кызыл Армиянын жоокерлерине орнотулган эстеликке ошондой мамиле жасалды. Бул жагдайлар Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү чара көрүүгө негиз болуп берди. Азыр бул факты процессуалдук текшерүүдөн өтүүдө.

— Жыйынтыгында эмнеге жетүүнү көздөйсүздөр?

— Биздин милдет — куткаруучу жоокерлердин, тынч тургундардын, улутчулдуктун курмандыктарынын жылуу элесин сактоо. Согуштан алган сабактарды билип, эстей жүрүү чагыбыздагы апааттардын жана катачылыктардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу дегенди туюндурат.

Муну эске алуу менен Тергөө комитетинин Издөө жана архивдик иштерин координациялоо боюнча штабын ачтык. Анын курамына башка мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын ТК борбордук аппараты жана иликтөө органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери кирди. Анын алкагында "Чектөө мөөнөтү жок" долбоору боюнча архивдик, тарыхый-чалгындоочу жана издөө иштери аткарылат.

Согушка жол бергендери үчүн улутчул кылмышкерлерге жана антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнө бирдей жоопкерчилик жүктөө, улутчул кылмышкерлерди жана алардын шыкакчыларын актоо аракеттери тарыхты бурмалоо гана болуп саналбайт. Алар мыйзамга да, моралга да жат, тынчтыкты орноткондордун элесине шек келтирет. Дал ошол себептен, биз тарыхый чындыкты бурмалоого каршы туруп, аны менен бирге кылмыш-укуктук чараларды көрүүгө тийишпиз.

92
Белгилер:
Европа, Россия
Тема боюнча
"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү аяктады

0
(жаңыланган 02:07 21.09.2020)
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

0
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды