Кыргызстанда 12 прокурор жетекчилик ээрден шыпырылып, 37си жазаланды

© Sputnik / Григорий СысоевКонференция по реформированию уголовно-исполнительной системы
Конференция по реформированию уголовно-исполнительной системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн прокуратуранын коллегиясы өткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 49 прокурор жоопкерчиликке тартылып, алардын 12си кызматынан төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: сот болчулардын декларациясы менен адеп-ахлагын текшерүү керек
Билдирмеге караганда, башкы көзөмөл органдын коллегиясынын жыйыны өтүп, 2018-жылдагы орчундуу катачылыктар аныкталган.

Ага ылайык башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен 12 прокурор кызматынан төмөндөп, сегизине милдеттерин так аткарбаганы үчүн эскертүү берилген. Дагы тогузуна катуу сөгүш, сегизине сөгүш жарыяланып, 11 кызматкерге сын пикир айтылган.

Кызматынан бошотулгандар:

— Ош шаарынын прокурору;

— Ош шаарынын прокурорунун орун басары;

— Бишкектин прокурорунун үч орун басары;

— Бишкектин Ленин районунун прокурору;

— Бишкектин Ленин районунун прокурорунун орун басары;

— Биринчи Май районунун прокурорунун биринчи орун басары;

— Октябрь районунун прокурорунун орун басары;

— Чүй облусу, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратура бөлүмүнүн башчылары

Жаңылыктар түрмөгү
0