Азиз Суракматовдун архивдик сүрөтү

Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды

1017
(жаңыланган 18:14 08.08.2018)
Ал жалгыз талапкер болду.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. Бүгүнкү жыйынга шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44тү катышып, 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир депутат каршы добуш берген.

Белгилей кетсек, Азиз Суракматовдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал шайлоодо жалгыз талапкер болду.

Жыйында депутаттар Суракматовдун программасын укпай эле дароо шайлоо процессине өтүүнү чечишти. Анткени ал буга чейин шаардык кеңештеги ар бир фракция менен жолугуп чыкканын белгилешти.

Азиз Суракматов ага ишеним көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүүгө аракет кыларын айтып, бул жаатта шаардык кеңеш менен бирге иш алып барарын белгиледи.

Ал ортодо жарандык активисттер мэриянын имаратынын алдында мэрди шайлоого каршы акция өткөзүп жатышат. Алар Суракматовдон башка альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган фракцияларга нааразычылыгын билдиришүүдө.

1017
Белгилер:
мэр, шайлоо, Азиз Суракматов, Бишкек
Тема:
Бишкектин жаңы мэрин шайлоо — 2018 (17)
Тема боюнча
Суракматов Азиз Эмилбекович — өмүр баяны
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат