Кол кишенчен адам. Архив

Сатыбалдиев менен Калиевди камакта калтыруунун мөөнөтү узартылды

139
(жаңыланган 15:52 09.08.2018)
Биринчи Май райондук соту бир катар кишилерди октябрдын ортосуна чейин тергөө абагында калтырды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы ТЭЦти реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин, анын орун басары Жолдошбек Назаровдун, “Электр станциялары” ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазовдун, Кытайдын ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелектин камакта болуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Аты аталгандар УКМКнын убактылуу тергөө абагында 13-октябрга чейин болот.

Сатыбалдиев 18-июнда кармалган болчу. Ал буга чейин УКМКга сурак берип чыккан. Калиев болсо 18-апрелде кармалып, 19-апрелде камакка алынган.

ТЭЦтин айланасындагы чыр боюнча 10дон ашык киши камакка алынган.

139
Белгилер:
сот, камак, Салайдин Авазов, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкек
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (50)
Тема боюнча
Исаковдун адвокаты ТЭЦтеги авария боюнча депутаттарга дагы иш козгоону суранды
Нурдин Сулайманов: Жантөрө Сатыбалдиев да ооруканага которулушу мүмкүн
Пикирлер