Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

302
(жаңыланган 17:23 10.08.2018)
Шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу өкүмүн өзгөрткөн жок.

Бүгүнкү сот отурумуна журналисттер дагы киргизилди.

Сотто адвокаттардын бири Учкун Каримов тергөө учурунда Сапар Исаков бардык документтерди — ID карта, жалпы жарандык паспортун жана дипломатиялык паспортун тийиштүү органдарга тапшырып бергенин айтып, бул документтери жок чет жакка чыга албай турганын белгиледи.

Жактоочу ошондой эле ал бардык сурактарга өз убагында келип, тергөөнүн тартибин бузбаганын айтты.

Каримов буга чейинки инстанциялар коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын бир барак рапортуна таянуу менен Сапар Исаковду үй камагына чыгаруудан баш тартканын белгиледи. Ал андан сырткары, эгер Исаковду үй камагына, мамлекеттен чыгып кетпөө тил каты менен жана күрөө менен баш коргоо чарасын өзгөртсө тергөөнүн жүрүшүнө таасир бербей турганын айтты.

Айыпталуучу Сапар Исаков дагы жактоочуларынын айткандарын тастыктап документтеринин бардыгын тергөөчүлөргө бергенин, сот отурумдарына 10-15 мүнөт эрте келип жүргөнүн айтты. Ошондой эле ал тергөө иштери башталганда КСДП партиясынын төрага орун басары катары Россияга маанилүү жыйынга барууга тергөөчү уруксат бергенине карабай айрым шектенүүлөрдү жаратпоо үчүн андан баш тартканын айтты.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтырган.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

302
Белгилер:
Сапар Исаков, Бишкек
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (40)
Тема боюнча
Сапар Исаков сот залынан күлүп-жайнап чыкты. Видео
Исаковдун адвокаты ТЭЦтеги авария боюнча депутаттарга дагы иш козгоону суранды
Сириядагы Россиянын аскер кызматкерлери. Архив

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

101
Орустар жардам бербегенде Башар Асад эчак эле жеңилмек дешти. Америкалыктар Москванын жана да Иран менен "Хезболланын" кийлигишүүсүнөн кийин гана Сирия армиясы мыйзамсыз куралчан топтордон өлкөнүн көп бөлүгүн бошотуп алганга жетишкенин моюнга алышты.

Конгресстин иликтөөчү тобу 49 барактан турган "Сириядагы согушка сереп жана АКШнын реакциясы" деген отчётунда ушундай тыянакка келди. Аскердик талдоочулар дагы кайсы жагдайларга көңүл буруп, келечекке байланыштуу кандай божомолдорду келтиришет – бул тууралуу РИА Новостинин материалында.

Ким кандай күчкө ээ?

Документте Сириянын картасы келтирилген. Иордания менен чектешкен жердеги АКШнын Ат-Танф аскерий базасы жайгашкан чакан анклавды эске албаганда, өлкөнүн борборун, батышын жана түштүгүн толугу менен Башар Асаддын өкмөтү көзөмөлдөйт. Түндүк-батыштагы Мухафаза Идлибге экстремисттик топтор жана Түркия ээлик кылат. Өлкө аймагынын түндүгү жана Ефраттын чыгыш тарабы – Сириянын дээрлик үчтөн бир бөлүгү – күрддөрдүн колунда.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Бул жерде талдоочулар бир аз куулук кылышууда, анткени ушул аймактардын бардыгы так Вашингтондун көзөмөлүндө десек болот. Сирияда америкалыктардын саны аз – докладга ишенсек, 600 аскердин айланасында гана. Бирок бул аскерлер мунайга бай чөлкөмдөгү негизги нефти кендерин курчоого алышкан. Ошондой эле Сириянын чыгыш тарабында жеке менчик аскердик компаниялардын жүздөгөн жоокерлери аракеттенип келишет. Документте белгиленгендей, расмий өкмөт АКШ аскерлеринин өлкөнүн аймагына кирүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок Вашингтон мунай чыккан аймактарды террорчулардан коргоо керек деген жүйөлөрдү айтып келет.

Докладдын авторлору кээде Асаддын аскерлери менен кагылышуулар болуп жатканын жашырышпайт. Мисалы, алардын билдирүүсүндө, быйыл февралда Камышлы калктуу конушундагы блокпостто Сирия аскерлери АКШнын куралдуу күчтөрүнүн патрулуна карай ок чыгарышкан. Эч ким жабыр тарткан эмес. Аны менен катар документте өлкөнүн түндүк-чыгышында орусиялык жана америкалык аскерлердин ортосундагы тирешүүлөрдүн саны өсүп жатканы баяндалат.

АКШ армиясынын аскердик машинелери Россиянын аскердик полициясынын жолун торогонго кылган аракеттери тууралуу толтура видеолорду Интернеттен тапса болот. Бактыбызга, бул аракеттер ок чыгарууга алып келбеди.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Россия эч жакка кетпейт

Өлкөнүн аймагындагы Ирандын объектилерине израилдик учактардын соккулары жана антиорусиялык санкциялар Москва менен Иранды Башар Асадды колдоодон баш тартууга же жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде жардамдарын чектөөгө алып келбегенин америкалыктар моюнга алууга аргасыз болушту.

"Жакынкы чыгыштагы таасирин күчөтүү плацдармы катары Россиянын Сирияны колдонуу боюнча дараметин жана умтулуусун АКШ туура баалай алган эмес. Россия, Иран жана алардын "проксилери" менен түзмө-түз кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошону менен катар Москва сириялык өнөгүн колдоодо кайсы чекке чейин бара аларын аныкташ керек",  — дешет талдоочулар.

Дамаскыга кысым көрсөтүү уламдан улам татаалыраак болуп баратат деп кейишет докладдын авторлору. Биринчи кезекте Россия авиациясынын жана спецназ аскерлеринин жардамы менен фронттун чеги Сириянын борборунан ары жылдырылып, өлкөнүн басымдуу бөлүгү учурда "режимдин" көзөмөлүндө. Башар Асаддын саясий атаандаштарынын колунда азыр эч кандай көзүр калбады. Ошону менен катар күрддөр акырындан Дамаск менен жакындаша баштады. Демек, борбордук өкмөт өлкөнүн чыгышын жана түндүгүн өз көзөмөлүнө кайтарышы мүмкүн.

"Ислам мамлекети" дагы эле коркунуч туудурат

2018-жылдын декабрында Дональд Трамп "Ислам мамлекетин" жеңдик деп жарыя кылган. Бирок талдоочулардын пикиринде, куралдуу топтор толугу менен жок кылынган эмес. АКШнын өнөктөрү "Ислам мамлекетинин" Сириядагы акыркы таяныч пунктуларын 2019-жылдын мартында басып алышты. Бирок исламчылар Сириядагы жана Ирактагы куралчан топторун башкаруу түзүмдөрүн сактап кала алышты. Демек, алар азыр да олуттуу соккуларды кыла алышат.

"Алыскы келечекте Сириядагы "Ислам мамлекетинин" тагдыры өлкөдө куралчан топтордун башын көтөртпөй тура алган коопсуздук күчтөрүн түзө алабызбы, мына ушуга көз каранды. Бирок "Ислам мамлекетинин" коркунучу – көпкө чейин сакталып турат. Террористтер менен күрөшүүсүн токтотпошу үчүн биз мындан ары да күрддөргө колдоо көрсөтүп турушубуз керек", — дешет докладдын авторлору.

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Дагы бир коркунуч – аскер туткундарынын лагерлери, учурда аларда "Ислам мамлекетинин" он миңге жакын жоочулары кармалып турат. Негизинен алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашып, аларды күрд аскердик бөлүктөрү кайтарууда. Алардан сырткары экстремисттердин үй-бүлө мүчөлөрү кармалып турган лагерлер бар. Алардын эң ириси – Аль Холеде террорчулардын 66 миң аялдары жана балдары камакта. Талдоочулардын пикиринде, ал жактарда жоочулар өз үгүт иштерин дагы эле улантып, камактагыларга дем берип турушат, ал эми "Ислам мамлекетинин" жактоочуларын куткарыш үчүн лагерлерге кол салууну пландаштырып келишет.

Камактагыларды кайтарганга күч жетишпей жатканын күрд жетекчилиги бир нече жолу билдирген болчу. Америкалыктар болсо жардам берүүгө шашылышпайт – Вашингтондун пикиринде, ар бир жоочунун ата мекени болгон өлкө өз жаранын өзүнө алып кетип, жазасын бериши керек. Бирок эч ким "өз" террорчуларын кайтарганы шашылбайт, ар түрдүү себептерди айтып, бул ишти создуктуруп келишет.

Көйгөйлүү аймак

Эң чоң маселелердин чордону – Идлиб аймагы. Учурда ал жерде Сириянын, Россиянын, Ирандын жана Түркиянын күчтөрү аракеттенүүдө. АКШнын аскерлери ал жакта жок, бирок америкалыктар "Аль-Каида"* менен байланышта болгон куралчан топторго бир нече жолу авиасоккуларды жасаган. Мамлекеттик эмес курамдардан "Хайят Тахрир аш-Шам", "Хурас ад-Дин", "Сириянын улуттук армиясы", "Хезболла" жана башкалар бар. "Ислам мамлекетинин" жоочулары да кездешет.

"Идлибдин түндүк райондору – оппозиция көзөмөлдөгөн жападан жалгыз аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү топтор – 2011-жылы Дамаскка каршы чыккан күчтөрдүн калдыктары болуп эсептелет. 5-марттан бери Идлибде Түркия менен Орусиянын президенттеринин макулдашуусу боюнча убактылуу жарашуу орногон. Бул өлкөлөрдүн аскерлери М4 стратегиялык жолду чогуу көзөмөлдөп, кайтарып турушат", — дешет талдоочулар.

Докладдын авторлору белгилегендей, жоочулардын ок чыгаргандарына карабай азырынча убактылуу жарашуу сакталууда. Бирок ошол эле учурда Түркия Идлибге аскерлерин жөнөткөндү токтото элек, ал эми жакында зарылчылык чыкса аскердик аракеттерди баштаарын билдирди. Демек, Сириядагы согуштун токтошуна дагы көп бар.

101
Белгилер:
аймак, террорчулук, коопсуздук, Россия, Сирия, АКШ
Тема боюнча
Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү
Вашингтон шаарындагы Капитолий имараты. Архив

Бекер убара болуп... АКШ "Россиянын ийгиликтүү пропагандасынын сырын" ачты

76
Америка дагы бир ирет Россиянын "анык жүзүн" ачууга аракет кылды. Бирок мунусу бир гана өз жарандарын жалган маалыматка байлап, өкмөттөн көбүрөөк акча алуунун аракети дейт РФ Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян.

Ачылыш жасагандай...

Бир нече күн мурда АКШ Мамлекеттик департаментинин алдындагы Глобалдык кызматташуу борбору "Россиянын пропаганда жана дезинформациясынын экосистемасынын негиздери" деген аталыштагы докладын жарыялады.

Авторлор "өнөктөш мамлекеттерге, жарандык коомго, окумуштууларга, ЖМКга жана дүйнө коомчулугуна Россиянын аракеттеринин тактикасын ачып берип, алардын дезинформация жана пропагандага каршы жамааттык түрдө жооп беришин" көздөгөн.

Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп

Биринчи караганда баары ишенимдүү көрүнөт. 75 беттик текст, 313 шилтеме, графикалар жана таблицалар... Мен аны убакыт коротуп, толугу менен окуп чыктым. Албетте, "ачылыш" жасалган учурлар дагы болуптур. Мисалы, Россия өз көз карашын коомчулукка таратуу үчүн массалык маалымдоо каражаттарын колдонот экен. Баса, башка өлкөлөр дагы Кремлдин бул гениалдуу амалын өздөштүрүп алышы керек экен. Дагы бир масал, Россияда мамлекеттик ЖМКлар (мисалы, ошол эле "Звезда") жазган маалыматтарды башка медиалар алып, андан ары интернетке тарап кетет экен. Менимче, авторлор интернеттин, андагы маалыматтын тарап кетүү өзгөчөлүктөрүн жаңы эле өздөштүрүп жаткан окшойт.

Докладда россиялык алдыңкы ЖМКлар тууралуу дагы "таң калычтуу" фактылар камтылган. Көрсө, Россияда мамлекетке тиешелүү телеканалдарды, басылмаларды жана интернет сайттарды эмнегедир мамлекеттик идеологияны колдогон адамдар башкарат экен. Мына кызык!

Россиянын АКШдагы элчилиги Мамдепартаменттин доклады боюнча пикирин билдирди

Докладдын негизги маңызы — Москванын дүйнөлүк көйгөйлөргө карата кандай гана ою, билдирүүсү, пикири болбосун, ал сөз эркиндиги катары эмес, Россиянын пропагандасы, калпы, батыш элин акылдан адаштыруу аракеттери экенин көрсөтүү.

Бир гана ушул ой докладдын бардык илимий баалуулугун жокко чыгарып салды деп айткың келет. Бирок анда башынан эле баалуулук болбогондой көрүнөт.

Чынын айтканда, бул 75 беттик макала куру бекер убакыт коротуу болуп калгандай. Анын негизи максаты — Россиянын жүзүн ачуу эмес, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун буга чейинки Глобалдык кызматташуу борборун каржылоону көбөйтүп берүү өтүнүчүн бышыктоо болуп калыптыр.

"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок

Бакыт байлыкта эмес

Бул докладга россиялык саясатчылар менен серепчилердин бир чети күлкүсү келип, экинчи чети жек көрүп карашына таң калбай деле койсо болот.

Чынында көпчүлүк муну олуттуу кабыл алган жок, жөн гана кезектеги куру бекер алышуу катары баалады. Бирок биздикилер анын авторлордо өз эмгегин жарыялоого олуттуу себеп болгонун айтышты.

"Россияга каршы бул докладдын чыгышы АКШ саясатчылары азыр өлкө ичинде жана дүйнөдө болуп жаткан нерселер боюнча алардыкына дал келбеген пикирлердин айтылышынан коркуп жатканынан кабар берет", — деди депутат Сергей Железняк.

Мисалы, RT менен Sputnik агенттигинде батыш ЖМКларына караганда акчасы аз. Бирок АКШны чочулатып жаткан альтернативдик көз караш бар.

Кимдир бирөөгө дагы деле батышта сөз эркиндиги бардай сезилиши мүмкүн. Бирок андай эмес. Көпчүлүк маселелер боюнча (биринчи кезекте идеологиялык мүнөздөгү) америкалык ЖМКлар Советтер Союзу учурундагы гезиттерди эске салат. Жалгыз, саясий жактан туура деп эсептеген көз карашты гана чагылдырышат.

Ошол таңууланган көз караштан тажаган батыш эли альтернативдик пикир издеп, аны англис тилдүү орус ЖМКларынан таап жатат. Албетте, бул АКШ үчүн чоң көйгөй. Анткени дүйнөнүн маалымат тармагын башкаруу америкалык үстөмдүктүн негизи болуп эсептелет.

Ошондуктан Россиянын Тышкы иштер министрлигинен айтышкандай, Вашингтон өздөрүнүкүнөн башка пикирлердин баарын сындап, Американын "талаптарына" жооп бербеген бардык маалыматты жок кылууга аракет кылууда. Ал эми сын жардам бербей калган учурда санкцияларды киргизип коет (мисалы, кытайлык TikTok).

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

Чындыгында мындай жоруктар АКШнын геосаясий мүмкүнчүлүктөрүн бир топ алсыратып коет. Мисалы, Кытайды токтотуу боюнча Россияны колдонгусу келгени жана башка көптөгөн көйгөйлөрдө.

Акыркы учурда бир топ адистер Вашингтонго Москва менен прагматикалык диалогго барууну сунуштап келишет. Дал ушундай кайрылуу менен бийликке АКШнын эң көрүнүктүү 103 серепчиси ачык кат жолдогон.

Бирок депутат Сергей Железняктын айтымында, мындай оппоненттердин кайрылуусу Глобалдык кызматташуу борборунун доклады сыяктуу эле Россия-Америка диалогуна балта чаап, эки өлкөнүн ортосундагы ишенбөөчүлүк кризисин дагы бир нече жылга созуп койчудай көрүнөт.

76
Белгилер:
доклад, көйгөй, диалог, маалымат, Россия, АКШ
Тема боюнча
Facebook Трамптын тарапташтарына ал тууралуу жарнама жарыялоого тыюу салды
Трамп журналисттер менен уруша кетип, жыйынын үзгүлтүккө учуратты. Видео
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

Бейтапты дарылайм деп... Дагы 10 ак халатчан вирус жуктуруп алды

0
(жаңыланган 11:56 08.08.2020)
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2938 учур катталып, алардын дээрлик көбү ооруну жеңген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкө боюнча бир суткада 10 медицина кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну бир нече облустагы медиктер жуктурган.

  • Бишкек шаары — 1;
  • Ош шаары — 2;
  • Баткен облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Нарын облусу — 1.

Ал эми бир суткада 12 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыкты. Мындан сырткары, үй карантининен 60 медик сакайган.

Коронавирустан көз жумган медиктерге эстелик орнотулат. Ал кандай болот?

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2938 учур катталып, алардын 2097си ооруну жеңген.

0
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, медицина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кыргызстанда кечээ коронавирустан 517 адам айыкты