Жээнбеков кесиптеши Назарбаевге 100 жыл мурунку самоор белек кылды. Сүрөт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСамоор. Архив
Самоор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхчылар самоор 100 жыл мурун жасалганын айтышууда.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Астананын күнүнө карата кесиптеши Нурсултан Назарбаевге өзгөчө самоор белек кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

© Фото / БИБЛИОТЕКА ПЕРВОГО ПРЕЗИДЕНТАЖээнбеков Назарбаевге белек кылган самоор
Самовар, который подарил президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков главе Казахстана Нурсултану Назарбаеву  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Назарбаевге белек кылган самоор

Самоор экспонат катары Казакстандын президентинин китепканасына өткөрүлүп берилди. Маалыматка караганда, белек өзгөчө таштар жана чыгыш саймалары менен кооздолгон.

Самоордун тарыхы Уралда XVIII кылымда, тагыраагы 1740-жылы башталган. Кийин Тулада жасалып, бара-бара Орто Азияга да жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0