Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрүүдө. Ким катышып жатат?

Жазылуу
Акыркы жыйын 2017-жылдын 15-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бүгүн, 13-августта, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтүүдө. Жыйында Кыргызстандын 2018-2040-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясы каралары айтылат. Мындан тышкары, ушул эле жылдарга өлкөдөгү шайлоо мыйзамдарын жакшыртуунун стратегиясы да талкууланмакчы.

Алгач Улуттук кеңештин катчылыгынын доклады, андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы угулат.

Жыйындын катышуучулары:

Сооронбай Жээнбеков — КРдин президенти;

Дастанбек Джумабеков — Жогорку Кеңештин төрагасы;

Мухаммедкалый Абылгазиев — премьер-министр;

Айнаш Токбаева — Жогорку соттун төрайымы;

Иса Өмүркулов  — Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери;

Алмазбек Баатырбеков — Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери;

Жыргалбек Турускулов — Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери;

Бакыт Төрөбаев — Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери;

Алтынбек Сулайманов — Жогорку Кеңештеги "Бир Бол"фракциясынын лидери;

Президенттик аппараттын жетекчиси;

Дамир Сагынбаев — Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Өткүрбек Жамшитов  — башкы прокурор;

Нуржан Шайлдабекова — Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы;

Толкунбек Абдыгулов — Улуттук банктын төрагасы;

Улукбек Марипов — Эсеп палатасынын төрагасы;

Олег Панкратов — экономика министри;

Адылбек Касымалиев — финансы министри;

Азамат Дикамбаев — Стратегиялык иликтөөлөр улуттук институтунун директору;

Нурсулуу Ахметова — туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин катчысы, президент аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси;

Светлана Борцова — "ЭкоПартнер" юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт:

Айнура Усупбекова — "Гражданская Платформа" коомдук фондусунун директору;

Азиза Юлдашева — Кыргызстандагы "Жер Азыгы" деп аталган агробизнесмендердин Ассоциациясынын директору;

Таалайбек Койчуманов — Өкмөттүн алдында түзүлгөн Инвестиция жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы;

Улук Кыдырбаев — Бизнес-Ассоциялардын улуттук альянсынын жетекчиси;

Надежда Добрецова — Өнүктүрүү саясаты боюнча институттун башкармалыгынын төрайымы;

Акыркы жолу Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны 2017-жылдын 15-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0