Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады

Жазылуу
Мамлекет башчы дүйнөдө Кыргызстанга таасир эткен олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын айтты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан коңшу өлкөлөр, анын ичинде Россия менен болгон достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп өттү.

Мамлекет башчы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке төрагалык кылып жатат. Ал өз сөзүндө дүйнөдө Кыргызстанга таасир эткен олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып өттү.

"Биз коңшу өлкөлөр, анын ичинде стратегиялык өнөктөш Россия менен болгон достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындан ары дагы ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУга мүчө өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташууну бекемдей беребиз", — деди Жээнбеков.

КРдин президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
Анын айтымында, Кыргызстан башка өлкөлөр менен дагы мамилесин чыңдоого күч жумшайт.

"Биз Кытай менен болгон мамилени стратегиялык деңгээлге жеткире алдык. Эми мындан ары Түркия, Япония, Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктеги өлкөлөр менен болгон мамилени бекемдөөгө аракет жасайбыз", — деди президент.

Ал ошондой эле эл аралык өнөктөштөргө, анын ичинде БУУга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0