Азиз Суракматов эки тизгин бир чылбырды колуна алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр мыйзамдуу шайланган. Аймактык шайлоо комиссиясына Суракматовго күбөлүк берүү чечими чыкты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн протоколу менен анын жыйынтыгын бекитти. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44тү Суракматовдун талапкерлигин колдоп, добуш берген.

"Бишкек шаарынын мэри "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзамдын талаптары менен мыйзамдуу шайланды. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясына мэрдин күбөлүгүн тапшыруу милдети жүктөлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы шайланган мэр Суракматовдун мүлкү тууралуу биздин материалдан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0