Сооронбай Жээнбеков Ош менен Жалал-Абад облустарын кыдырууда

Жазылуу
Өлкө башчысы буга чейин Нарын, Баткен, Талас жана Чүй облустарында болгон.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-август күнү эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына учуп кеткенин мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин социалдык, өндүрүш жана айыл чарба объектилерине барып, жергиликтүү жашоочулар менен да жолугушмакчы.

Жээнбеков президенттикке киришкенден бери Кыргызстандын аймактарын кыдырып, буга чейин Нарын, Баткен, Талас жана Чүй облустарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0