Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда

Жээнбеков соттор менен милицияга: элдин эсебинен жашаганды токтоткула!

271
(жаңыланган 19:32 17.08.2018)
Президент кеңешмеде Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулаган жыйын туурасында кеп кылды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Адамдардын кыйынчылыгын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жатып айтты.

  • Адамдардын кыйынчылыгын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жатып айтты
    Адамдардын кыйынчылыгын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жатып айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, укук тартибин коргоо, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маанилүү маселелер талкууланган кеңешме 16-августта болгон
    Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, укук тартибин коргоо, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маанилүү маселелер талкууланган кеңешме 16-августта болгон
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент сот системасында, укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө реформалардын жүрүшү тууралуу маалымат угуп, бул ведомстволордун өзгөрүүлөргө карата даярдыгын текшерди.
    Президент сот системасында, укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө реформалардын жүрүшү тууралуу маалымат угуп, бул ведомстволордун өзгөрүүлөргө карата даярдыгын текшерди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Адамдардын кыйынчылыгын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жатып айтты

Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, укук тартибин коргоо, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маанилүү маселелер талкууланган кеңешме 16-августта болгон.

Президент сот системасында, укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө реформалардын жүрүшү тууралуу маалымат угуп, бул ведомстволордун өзгөрүүлөргө карата даярдыгын текшерди.

Ал жакында өткөрүлгөн Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулаган жыйын туурасында да эске салды.

"Адамдын кызыкчылыктарына, анын өнүгүшүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө каршы келгендердин баарын жоюш керек, айрыкча сот системасында жана укук коргоо органдарында. Адамдардын кыйынчылыктарын бизнес жасоо үчүн пайдаланганды жана өзүм билемдикти токтоткула. Эл силерге ишенбей калды. Ал эми силердин туура эмес ишиңер, чечимиңер бийликке, президентке көлөкө түшүрүп жатат! Силердин деңгээлде чечиле турган көп арыздар мага келүүдө, анткени силер аларды чечпей жатасыңар", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчысы жетекчилерди балдар бакчаларын реформалоого, балдарды үй-бүлөлөргө кайтарууга же бекитип берүүгө, кары-картаңдарга жардам берүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

271
Белгилер:
Ош облусу, Ош шаары, Сооронбай Жээнбеков, коррупция
Тема боюнча
Ошко барган президент Сооронбай Жээнбеков Путинге ыраазычылык билдирди
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев. Архив

Аскар Акаев Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту

95
(жаңыланган 05:15 24.09.2021)
Өлкө башчылары 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан. Ошондой эле экөөнү илимден саясатка келгени бириктирип турат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.

Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.

Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.

Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.

"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

95
Белгилер:
Кыргызстан, Армения, Аскар Акаев, жолугушуу
Тема боюнча
Акаев Кумтөр боюнча сурактан кийин бүгүн Москвага учуп кетти
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди

Масадыковдун Афганистанга барганы боюнча президенттин аппараты түшүндүрмө берди

338
(жаңыланган 23:00 23.09.2021)
Буга чейин Масадыков Кабулда талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолуккан сүрөттөр тараган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди.

  • Делегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
    Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Делегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
    Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Делегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
    Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Делегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
    Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди

Белгилей кетсек, буга чейин Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жолугушуу тууралуу маалыматты жана сүрөттөрдү жарыялаган.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.

"Өз кезегинде Барадар Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Ал Афганистандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганистандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, "Талибдерге" өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирген.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.

Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм. 

338
Белгилер:
Кыргызстан, Афганистан, гуманитардык жардам
Тема боюнча
Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министри менен жолукту. Сүрөт
Афганистандагы шарият мыйзамы Кыргызстанга кандай коркунуч жаратат? Пикир
Май куйуучу жай. Архив

Россиядан келген бензин азайышы мүмкүн. Адистердин жоромолу

0
Россиянын Энергетика министрлиги өлкөнүн ичинде күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп кетпеши үчүн экспортко болгон тыюуну азырынча албай турат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун экспортунун көлөмү жай мезгилине караганда дагы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" порталы жазган.

Агенттиктин маалыматына таянсак, Россиянын бензин боюнча экспорту сентябрда 167 миң тоннага чейин түшүшү мүмкүн. Январь-май айларында Россиядан сыртка болжол менен айына 421 миң тонна чыгып турса, июль-августта кыскарып, орто эсеп менен 208 миң тоннанын тегерегинде болгон. 

Өкмөттүн ички рынокко чыгарчу мунай заттарынын көлөмүн арттыруу сунуштарынан улам компаниялар жаздан тарта бензиндин экспортун кыскартып келе жатат. Министрлер кабинети бензиндин экспортун жаз айларынан бери катуу талкуулай баштаган. Анда мунай заттарын биржа аркылуу сатуу ченемдерин көбөйтүү жана күйүүчү майдын баасын мунайчылар менен сүйлөшүп, бир калыпта кармап туруу айтылган.

0
Белгилер:
Россия, Күйүүчү май, экспорт, экономика
Тема боюнча
Россияда бензиндин баасы бир жылдан бери биринчи ирет төмөндөдү
ЕАЭБ менен коңшу өлкөлөрдө бензин канча турат. Таблица