Президенттик аппаратка төрт айдан соң жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Мамытов ИсмаилДосалы Эсеналиевдин архивдик сүрөтү
Досалы Эсеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматта Мухаммедкалый Абылгазиев иштеп келген.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, Эсеналиев буга чейин аппарат жетекчисинин орун басарлыгын аркалап келген. Аппаратты башкарып турган Мухаммедкалый Абылгазиев апрель айында өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин жетекчилик кызмат бош турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0