Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барат. Кол коюлчу документтер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолугушуу учурунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-24-август күндөрү Түркмөнстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял членов Государственной комиссии - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Апрель окуялары тарых боюнча окуу китептерине кириши керек
Мамлекеттик сапар Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен ишке ашат. Ошондой эле Жээнбеков Аралды куткаруу боюнча эл аралык фонддун саммитине да катышат.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын башчысы менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Анын алкагында бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргызстан менен Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөштүгү боюнча ири келишимге кол коюлат.

Сыдыков белгилегендей, аталган документтер эки өлкөнүн кызматташуусуна жаңы жолдорду ачып, тарыхый окуя болуп калмакчы. Ал ошондой эле 24-августта Жээнбеков Түркмөнбашы шаарында Аралды куткаруу боюнча эл аралык фонддун саммитине ардактуу конок катары катышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0