Жээнбековдун Түркмөнстанга сапары: кол коюлган документтердин артыкчылыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусу
Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өлкө башчысы Аралды сактоо фондун негиздеген мамлекет башчыларынын саммитине ардактуу конок катары катышат.

ТҮРКМӨНБАШЫ, 24-авг. — Sputnik. КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки маанилүү документтердин топтомуна кол коюлганын билдирди. Жалпысынан 11 документ боюнча макулдашылды.

Биринчиси — стратегиялык өнөктөштүктү калыптындыруу боюнча декларация.

"Бүгүнкү күнү мындай документтер Борбор Азиядагы дээрлик бардык мамлекеттер менен түзүлгөн. Кыргызстандын тышкы саясатында Борбор Азия өлкөлөрүнө артыкчылык берилерин биз дагы бир жолу тастыктап жатабыз. Ал эми мамлекеттик соода-экономикалык кызматташтык боюнча документтер экинчи топтом болуп эсептелет. Экономикалык кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюлду. Ошондой элк кош салыктан баш тартуу боюнча келишим дагы абдан маанилүү документтерден болуп саналат. Аталган келишимди эки мамлекеттин ишкерлери аябай күткөн, бул документ эки өлкө ортосундагы товар айлануунун көлөмүн арттырууга өбөлгө түзүп, Кыргызстанга инветиция тартууда жакшы роль ойнойт", — деди Абдылдаев.

Государственный визит президента Сооронбая Жээнбекова в Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: эки тараптуу мамиледеги тарыхый окуяга күбө болдук
Ал андан сырткары учурда эки өлкө ортосундагы товар айлануунун көлөмү анча чоң эмес экенин жана ал эки мамлеккеттин потенциалынын талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эки мамлекеттин тийиштүү министрликтери транспорт тармагында биргелешип иштөө боюнча кол койгон меморандумдун мааниси чоң экенине токтолду.

"Бул жерде темир жол транспорту, аба жол транспорту жана автомобиль транспорту тууралуу сөз болуп жатат. Түркмөнстан менен көп жылдан бери ушул үч түрдүү транспорттор боюнча маселелер болуп келген эле. Меморандумдан кийин бул жаатта алгылыктуу иштер болот деп айтсак болот. Себеп дегенде биздин жүк ташуучулар Түркмөнстанга келип, экинчи, үчүнчү мамлекеттерге чыгаарда көйгөй жаралып келген. Эми алардын бардыгын күн тартибинен алып салабыз деген ишеничтемин", — деди ал.

Калилов темир жол менен аба каттамдары тармагындагы да маселелер акырындык менен чечилерин айтты.

"Бишкек менен Ашхабаддын ортосундагы каттамды жандандыруу керек. Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп, ордунан жылбай келе жаткан. Эми бул маселеге да чекит коюлат деген үмүт бар", — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын негизги бөлүгү 23-августта Ашахабад шаарында өттү. Бүгүн, 24-августта, өлкө башчысы Аралды сактоо фондун негиздеген мамлекет башчыларынын саммитине ардактуу конок катары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0