Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлиги шаардык кеңештин төрагалыгына көрсөтүлдү

Жазылуу
Мурунку төрага президенттин аппарат жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Кыргызстан" фракциясы Бишкек шаардык кеңештин (БШК) төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

38 жаштагы Конгантиев 2012-жылдан бери шаардык кеңештин депутаттыгын аркалап келет. Ал мурунку башкы прокурор Молдомуса Конгантиевдин бир тууганынын баласы.

Шаардык кеңештин мурунку төрагасы Алмаз Кененбаев президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0