Кыргызстанга Режеп Тайип Эрдоган келет. Сапардын максаты

© REUTERS / Umit BektasТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен дагы жолугушат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен 1-2-сентябрда Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, эки өлкө башчысы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана мындан ары аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелердин кеңири спектирин талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

"Мамлекет башчылары Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV отурумуна катышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлуп, журналисттер үчүн билдирүү жасалат", — деп айтылат маалыматта.

Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен дагы жолугушат.

Эрдоган өзүнүн расмий сапарынын алкагында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин саммитине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0