Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Архив

Көчмөндөр оюнуна кайсы президенттер келери белгилүү болду

2446
(жаңыланган 13:47 31.08.2018)
Иш-чаранын ачылыш аземи 2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Булардан тышкары, Татарстан республикасынын президент Рустам Минниханов жана Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра аймагынын мураскер ханзадасы, шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шарки келери кошумчаланды.

Ошондой эле иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылды.

Иш-чаранын ачылыш аземи 2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

2446
Белгилер:
Чолпон-Ата, Режеп Тайип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев, конок
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
ӨКМ: Көчмөндөр оюндарында жүздөгөн куткаруучу нөөмөттө турат
Көчмөндөр оюндары: унааны кайда токтотуп, маршруткага канча төлөйм
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

43
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

43
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Сот балкасы. Архив

Жогорку сот Улуттук банктын экс-төрагасынын өкүмүн жокко чыгарды

94
Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайра каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды. Ал ошондой эле Жогорку сот Алапаевге карата чыккан соттун чечимин (15 жылга кесилген) кайра кароону тапшырганын маалымдады. Алапаев "Ысык-Көл" банкын рейдерлик менен басып алууга айыпталган. Абдылдаев ушул эле иш боюнча Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев сыртынан камалганын да белгилеген.

"2021-жылдын 18-августунда Жогорку соттун кылмыш иши жана жоруктар боюнча коллегиясынын ачык соттук жыйынында адвокат Мощиндин өтүнүчү жана Башкы прокуратуранын прокурорунун жаңы ачылган жагдайлардан улам Марат Алапаевдин ишин кайра кароо боюнча корутундусу талкууланган", — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 20-октябрында чыгарган чечими менен Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик эреже бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы чечими жокко чыгарылды. Алапаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн прокурорго берилди.

"Белгилей кетсек, бул кылмыш иши ачык соттук жыйында каралып, "сыр" деген грифке тиешеси жок. Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган башка фигуранттардын иши кайра каралган жок", — дешти Жогорку соттон.

Максим Бакиев — Курманбек Бакиевдин уулу, ал эми Жаныш — анын бир тууганы. Үчөө тең түрдүү иштер боюнча сыртынан соттолгон.

 

94
Белгилер:
Кыргызстан, Курманбек Бакиев, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду
Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады. Прокуратура облустук сотко даттанат
Курулуп аткан үйдө өрт. Архивдик сүрөт

Бишкектин түштүк тарабында ири өрт чыкты. Видео

45
(жаңыланган 21:35 16.09.2021)
Курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Өрт бир аз мурда башталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.

ӨКМ маалымат тарата элек.

45
Белгилер:
Бишкек, өрт, имарат, курулуш
Тема боюнча
Бүгүн түштө Түп районунда болгон өрт эки бөбөктүн өмүрүн алып кетти. Сүрөт